Википедия: эркин мазмундагы көп тилдүү онлайн энциклопедия

Википедия (англ. Wikipedia, деп окулат) ― Викимедиа фондунун көп тилдүү, эркин лицензиянган жана вики принцибинде ыктыярчылар тарабынан жазылуучу интернет энциклопедиясы.

Маалыматтардын көлөмү жана тематикалык ар түрдүүлүгү боюнча адамзат тарыхындагы эң көлөмдүү энциклопедия болуп эсептелип, дүйнөдөгү эң көп окулуучу сайттардын ондугуна кирет.

Википедия
Википедия: Тарыхы, Тактыгы, Сын
Википедиянын логотиби ― жазуу тутумдарынын глифтерин чагылдырган глобус.
Англисче Уикипедиянын башкы барагы
URL: https://www.wikipedia.org
Урааны Ар ким оңдой ала турган эркин энциклопедия
Коммерциялыкпы? жок
Сайттын түрү Интернет энциклопедия
Катталуу Милдеттүү эмес.
Жеткиликтүү тилдер 287 тилде
Колдонуучулары (2015 июнь) 71,049 жигердүү редактор.l Түзүлгөн эсептердин жалпы саны - 26,014,271
Мазмундун лицензиясы Creative Commons licenses CC Attribution / Share-Alike]] 3.0 Тексттердин көбү дагы GFDL лицензиясында; медиа лицензиялар ар түрдүү.
Ээси Wiki Foundation
Түзгөн Уэйлс, Жимми, Ларри Сэнгер
Ачылган күнү 2001-жылы 15-январь
Alexa ранкинги 7 (August 2015)
Азыркы абалы иштейт

Википедия 2001-жылдын 15-январында Жимми Уэйлс жана Ларри Сэнгер тарабынан ишке киргизилген. Аталышы «wiki» (гавай тилинен «ылдам») жана «encyclopedia» (англис тилинен «энциклопедия») сөздөрүнүн айкалышынан түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө англис тилдүү Википедия 335 тилдеги Википедиянын арасынан 6,7 миллиондон ашуун макаласы менен өзгөчөлөнөт.

2014-жылдын ноябрь айына карата, Википедияга жалпысынан 19 миллион колдонуучу катталган. Булардын 69 миңи жигердүү салым кошуучулар.

Тарыхы

Википедиянын негиздөөчүлөрү красудсорсинг онлайн энциклопедия менен алектенгендердин биринчилери эмес. Бирок, дүйнө масштабындагы ийгиликке жетишкендердин биринчилери. Википедия 2001-жылы пайда болушуна чейин сыяктуу максаттарды көздөгөн 7 долбоор болгон:

  • Interpedia (1993–1994-жылдары);
  • The Distributed Encyclopedia (1997–1998-жылдары);
  • Everything 2 (1998–азыркы күнгө чейин);
  • h2g2 (1999-азыркы күнгө чейин);
  • The Info Network (2000–2003-жылдары);
  • Nupedia (2000–2003-жылдары);
  • GNUpedia (2001-жылы негизделген, кийин Нупедияга кошулуп кеткен).

2000-жылы, Жимми Уэйлс ― Bomis компаниясынын башкы мүдүрү катары, философия докторун ― Лэрри Сэнгерди, Нупедиянын өз долбоорунун командасына башкы редактор катары кабыл алат. Ал долбоор (англ. Nupedia) болгон ― англис тилдүү онлайн энциклопедиясы. Википедиядай мазмуну эркин лицензияланган. Ал үчүн «GNU General Public License» лицензиясын колдогон. Айтмакчы, GNU долбоорунун, ал алкагында пайда болгон ― GNUpedia жана эркин програмдык камсыздоо фондунун (англ. FSF) негиздөөчүнүн ― Ричирад Столлмандын таасири менен айтылган лицензияга өтүшкөн.

Википедия: Тарыхы, Тактыгы, Сын 
Нупедиянын логотиби

Нупедиянын макалалары өз тармагындагы адистери тарабынан ыктыярдуу жазылчу. Макала жарыялангандан мурун Сэнгер иштеп чыккан текшерүү процедурасынан өткөн. Макалаларды рецензиялоо үчүн академиялык билими барларды тартышкан (көпчүлүгүндө философия жана медицина боюнча доктордук даражасы болгон). 2001-жылдын сентябрына карата Нупедияда 12 эле макала жарыяланган болчу. Жай жылыштарга кабатыр болуп 2001-жылдын 10-январында Сэнгер Нупедия үчүн макалаларды жаратууну тездетиш үчүн вики-сайтты ачууну сунуштайт. Сайтка «Википедия» аталышын коёт. «Вики» – вики технологиясындагы сайтты билдирет, экинчи бөлүгү «энциклопедия» сөзүнүн «педия» бөлүгүнөн алынган. Ошентип, 15-январында Википедия Нупедиянын кошумча долбоору катары ойлонуп ишин баштайт («wikipedia.com» доменинде кийин «wikipedia.org» доменине көчүрүлөт).

Каалагандар Википедия үчүн макалаларды жазып кийин алар Нупедиянын текшерүү процедурасынан өтүшү керек эле. Бирок, Нупедиянын консультациялык кеңешмеси андай идеяны күлкүлүү деп кабыл алган жок. Жыйынтыгында, Википедия өзүнчө долбоор болуп кеткен.

2001-жылдын 12-февралында жаңы долбоордун миң макаласы жазылган, сентябрга 10 миң. Долбоор бат өсүп жаткан. Алгачкы редакторлор Нупедия, Slashdot жана издөө тутумунун индексациясы аркылуу келишкен.

Жогоруда белгиленген Ричард Столлман ― 2001-жылы Википедия принциптерине жакын жана бир кезде ишин баштаган GNUpedia долбоорунун токтотту (Нупедия менен бириктирип). Википедиянын ийгилигин көрүп аны колдоду: «…Эми энциклопедия долбоору Википедия Нупедиянын философиясын кабыл алды жана андан да ары кетти. Ал сайтка кирип жана анын өнүгүүсүнө салымыңызды кошууну сунуштайбыз».

Википедиянын ишке киришине эки ай толуп анын биринчи тил бөлүмү ачылат ― deutsche.wikipedia.com (немис тилинде). Бир нече сааттан кийин ― catalan.wikipedia.com (каталан тилинде). Бул көрүнүш улана берген. 2001-жылдын 28-сентябрында бардык негизги тилдерде жайылуусун, негизги стандарттарды белгилөө жана жаңы викилер үчүн негизги барактарды (мисалы катары GNU лицензиясы келтирилген) которууга умтулуу жөнүндө колдонуучуларды кабарлашкан. Ошентип, ушул кезден Википедиянын көп тилдүүлүккө берилгендигин айтканга болот. Википедиянын кыска мөөнөттөгү чоң ийгиликке жетишин, жарыяланган кабарлоодогу кыска үзүндү белгилейт: «Дат прессасынын макалаларына жооп катары, биз Дат Википедиясын түздүк».

Башынан эле Bomis компаниясы Википедияны коммерциялык ийгиликтүү долбоор катары көрчү. 2002-жылы Википедияга жарнама орношу мүмкүнчүлүн жарыялашкан. Белгилеп кетсек Bomis компаниясы кыйынчылыктарды тартып, Википедиянын негиздөөчүлөрдүн бири жана башкы жетекчиси ― Сэнгер ал кезде акы албай калган. 1-мартта ушул себептен жана долбоордун ишмердүүлүгүндө болгон көйгөйлөр үчүн долбоордон кеткен. Анын кетиши менен Нупедия долбоорунун өнүгүүсү токтогон (2003-жылы 24 макаланы камтыган мазмуну Википедияга көчүрүлгөн).

Википедиянын коммерциялаштырууга жамаат каршы болгон. Ушул жылдын февралында Испан Википедиясынын жамааты коммерциялык жарнама болушуна кабадыр болуп жана алардын долбоорунда көзөмөл жоктугу үчүн Enciclipedia Libre түзүү үчүн Википедия менен ажырашкан. Кийин, Уэйлс Википедия жарнама киргизбешин жарыялап, «wikipedia.com» доменин «wikipedia.org» доменине өзгөрткөн. Ошентип, Википедия интерфейсине жарнама киргизүүдөн баш тартышкан.

2003-жылы Википедияны каржылоо максатында Викимедия фонду түзүлүп, менчигине өткөрүлгөн.

Тактыгы

1869-жылдан бери чыгып жаткан, илимий чөйрөдө өтө белгилүү англиялык Nature журналы, Википедияга киргизилген маалыматтардын тактыгын далилдөө максаты менен 2005-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Изилдөөдө Уикипедиядан алынган 42 макала менен Британника эңциклопедиясындагы (англ. Encyclopaedia Britannica) илимий макала салыштырылган. Натыйжада Википедиянын тактыгы кеңирилик менен тууралыгы боюнча деңгээли алдыңкы орунда турган кадыр-барктуу энциклопедиядан кем калышпай турганы маалым болгон.

Сын

Ошол эле учурда Википедияда жаңылыштыктар көп кетирилип, көп учурда “чындык, жарым-жартылай чындык менен бирге калптарга” да орун бериле тургандыгын, ошондой эле маалыматтарды каалагандай жарыялай берүүгө мүмкүн экендигин сынга алынып келет.

Википедиягагы макалаларда текшерилбеген айрым маалыматтар орун алгандыктан, Википедиянын бейтарап саясатына шек келтирген сындар айтылат.

Википедияга колдонуучу катары катталгандар да, катталбагандар да салым кошуу укугуна ээ. Жаңы түзүлгөн же оңдолгон макалада текстке тиешеси жок маалымат же идеологиялык жактан туура эмес ой айтылса да дароо сакталат. Бирок салттуу энциклопедиялардан айырмаланган Уикипедиядагы маалыматтар оңдолуп турат.

Чектөөлөр

Википедиянын англис тилинде же башка бөлүмдөрүндө макала түзүү мүмкүндүгү чектелет. Мисалы, катталган колдонуучу гана жаңы макала түзөт. Кылдаттыкты талап кылуучу макалаларды түзүүгө же оңдоого жарым-жартылай тыюу салынат. Айрым макалаларды аймактык администратор гана оңдоо укугуна ээ. Уикипедиянын «Түзөтүү тарыхы» функциясынын жардамы менен буга чейинки өзгөртүүлөрдү көрүүгө болот. Бул функция макаладагы каталарды оңдоп, андан кийинки өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөөгө жардам берет. Уикипедиянын колдонуучулары «Талкуу» функциясы аркылуу түзүлүп жаткан макалага тиешелүү маселелерди талкуулай алышат.

Туруктуу колдонуучулар «Көзөмөл тизмеси» аркылуу кызыктуу деп эсептеген макалаларды белгилеп алып, бул макаладагы толуктоолор же түзөтүүлөр жөнүндө кабардар болуп турушат.

Бот деп аталган компьютердик программа макаланын тактыгы менен тууралыгына шек келтирген маалыматтарды өчүрүп турат. Бул программа жалпы стилистикалык каталарды оңдоп, статистикалык маалыматтарга таянган стандарттуу форматтагы макалаларды жаратууга көмөкчү болот.

Вандализм

Википедиядагы вандализм – интернет энциклопедиясынын бүтүндүгүн жана тууралыгын бузуу аракеттери. Цензурага алынган сөздөр менен бирөөнүн намысына шек келтирүү вандализмдин кеңири таралган түрү.

Википедиянын казынасындагы макалаларда жеке кызыкчылыгын таанытуу максаты менен бир нерсени жарыялоого, рекламалоого тыюу салынат.

Википедиянын айрым беттерин толугу менен өчүрүү, чындыкка туура келбеген маалымат берүү, темага тиешеси жок ашыкча маалыматтарды кошумчалоо дагы вандализмдин түрлөрү. Чын-жалган аралаш маалыматты улам жаңыланып турган макалалардын арасынан тез ажыратып табуу дээрлик мүмкүн эмес. Бул себептен вандализмге учураган айрым барактар көпкө чейин өзгөртүлбөй калышы мүмкүн.

Википедиядагы вандализм менен «жараланган» беттерди таап чыгууга бир нече гана мүнөт кетсе дагы, кээ бир беттерди калыбына келтирүү үчүн бир топ убакыт талап кылынат.

Вандализмге учураган Уикипедиянын айрым беттерине өтүүгө чек коюлуп калышы мүмкүн.

2005-жылдын май айында Жон Лоуренс Сайгенталер аттуу америкалык журналист, жазуучу жана саясий ишмердин өмүр баянын белгисиз колдонуучу вандалдык кылып бузган. Аты-жөнү белгисиз түзөтүүчү Сайгенталерди Жон Ф. Кеннединин өлүмүнө тиешеси бар деп көрсөткөн. Википедиянын чөйрөсүндө бул жалааны төрт ай бою эч ким оңдогон эмес. Жон Сайгенталер - «USA Today» аттуу күнүгө чыгуучу АКШнын эң биринчи жалпы улуттук гезитинин баш редактору жана Вандербильт университетинин алдында уюштурулган. Эркиндик форумунун (Freedom Forum) түзүүчүсү болгон.

Жон Сайгенталер Википедиянын жетекчиси Жимми Уэйлске кайрылып, өмүр баянына олуттуу жалаа киргизген ким экендигин сурайт. Жимми Уэйлс бул ишке жооптуу адам ким экенин билбей тургандыгын, тактоо керектигин билдирет. Болуп өткөн окуядан кийин Сайгенталер Википедияны «жарабаган жана жоопкерчиликти билбеген изилдөө куралы» деп атайт. Бул окуядан кийин Википедияда тирүү инсандардын өмүр баянын камтыган макалаларга олуттуу текшерүү талап кылына баштайт.

Уикипедиянын маданияттагы орду

Википедиянын казынасы илимий изилдөөлөрдө, китептерде, конференцияларда жана сот иштеринде булак катары пайдаланылат. Мисалы, Канада Парламентинин расмий сайты салттык эмес үй-бүлөлөр жөнүндөгү (Civil Marriage Act) мыйзамына мисал катары Уикипедияга шилтеме берет. АКШнын Федералдык соту менен Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (World Intellectual Property Organization) көп учурда Уикипедияны кошумча булак катары көрсөтөт. АКШнын чалгындоочу мекемеси айрым билдирүүдөрүндө Уикипедияга шилтеме берет. 2013-жылы Венгриялык окумуштуулар Уикипедия аркылуу прокатка чыга элек кинотасмалардын ийгилигин алдын-ала белгилөөгө мүмкүн экенин далилдешти.

Википедия журналистикада

Журналистикада Википедияны булак катары пайдаланган учурлар көп кездешет. Википедиядагы маалыматтардан плагиат кылгандыгы үчүн бир нече журналист жумуштан кетирилген. 2007 – жылдын июль айында Википедияга арналган 30 мүнөттүк документалдык тасма тартылган (BBC Radio 4). Тасмада “Википедия” термини - Google, Facebook, YouTube сыяктуу дүйнөнүн эң таанымал терминдеринин бирине айланганы жөнүндө сөз болот. Стивен Колберт аттуу америкалык куудул жана диктор The Colbert Report деген телеберүүсүндө Уикипедияны тамашаларына көп катыштырган. Стивен Колберт «wikiality» деген термин ойлоп тапкан.

Негизги принциптер жана эрежелер

Википедия кадимки кагаз энциклопедия, сөздүк, жаңы идеяны таратуучу платформа, трибуна, арыздар жана сунуштар китеби, файлдар архиви же шилтемелер каталогу, блог, социалдык желе, маалыматтардын башаламан жыйындысы эмес.

Википедия – бул жогорку сапаттуу энциклопедияны түзүү максатында бирин-бири урматтоо көз караш тутунган, өз ыктыярдуулар коому негиздеген онланй энциклопедия.

Википедияга салым кошуу эрежелери


Tags:

Википедия ТарыхыВикипедия ТактыгыВикипедия СынВикипедия ЧектөөлөрВикипедия ВандализмВикипедия Уикипедиянын маданияттагы ордуВикипедия журналистикадаВикипедия Негизги принциптер жана эрежелерВикипедияАнглис тилиВикиВикимедиа фондуСайтЭнциклопедия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ГерманияНатуралдык санАюуБоз үйРоза гүлдүүлөрЭлектр тогуКуймаларБаш мүчөАргентинаШабдан баатырКыргызстандын дары сууларыТопуракНептунЖасалма интеллектПирамида (геометрияда)Маалымат технологиясыКош сөздөрЭклиптикаАмир ТемирНарынЗат алмашууКыз куумайКоруктарКыргыз композиторлоруДан өсүмдүктөрүТамактанууДабан мамлекетиБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыКутурмаУулуу өсүмдүктөрБайыркы грек философиясыМифТабалдиев, АсанбекЭкологияДарыканаЖыйырма сомБуудайКыргыз алфавитиМанас эпосу, ЭнциклопедияТранспортЭр ТабылдыДүйнөлүк океанКулпунайАлай тоо кыркасыБулутАлмаКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыОрфографияСибирь кулгунасыБышыктоочМанастын күмбөзүМолдо КылычЭкономика«Көкөтөйдүн ашы»Баланын психикасынын өөрчүшүТирсекМухаммед пайгамбарТамак сиңирүүКараханийлер кагандыгыАутизмСейтек эпосуТаштандыларды кайра иштетүүАномалияКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрВенераМеталлургияМамлекетФуко маятнигиМарсЦеллюлозаОрганикалык химияТоо-кен өнөр жайыАныктоочФразеологизмдерНарын облусуФевраль революциясы (1917)Беш жүз сомГалогендер🡆 More