Атланта - АКШнын түштүк-чыгышындагы шаар.
Жоржия штатынын административдик борбору. Калкы 433 миң (2004; агломерациясында 4068,8 миң). Пидмонт бөксө тоосунда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык Хартсфилд-Жексон аэропорту бар. Атланта - Түштүк АКШнын ири соода-финансы, өнөр жай борбору. Электроника, химиялык целлюлоза-кагаз өнөр жайы, автомобиль («Женерал моторс», «Форд»), «Локхид-Мартин» (авиа) заводдору, «Кока-Коланын» штаб-квартирасы (музейи м-н), авиакомпания («Дельта эйрлайнз» ж. б.) бар. Жыл сайын ярмаркалар өткөрүлөт. Терминус деген ат м-н 1837-ж. негизделген. 1845-жылдан Атланта аталат; 1847-жылдан шаар. Пахта сатуунун борбору болгон. 1868-жылдан штаттын борбору. Архитектура эстеликтерден Капитолий имараты (1884-1889), асман мелжиген имараттар (1929) бар. Фернбанк илимий борбору, 4 университет, технология институту, медициналык ири борборлор ж-а клиникалар иштейт. Искусство ж-а археологиялык, асем-өнөр искусство музейлери, Искусство, Президент Картер, аскерий мемориалы, М. Лютер Кинг (Нобель сыйлыгынын лауреаты) улуттук тарыхый борборлору; Панорама, Пидмонт паркы, Стон-Маунтин дүйнөдөгү эң ири тоо паркы, зоопарк бар. 1996-ж. XXVI Олимпиада оюну өткөрүлгөн. АКШдагы эң ири үстү жабык стадион курулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Атланта, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.