Арал - кургактыктын төрт тарабы суу менен чулганган бөлүгү.
Материктен чаканыраак болот. Топтошуп жайгашкан аралдар архипелаг деп аталат (мисалы, Малайя, Канадалык Арктика архипелагдары жана башка). Пайда болушу боюнча материктик (материктен бөлүнүп калган), жанар тоо жана коралл (шуру) аралдары болуп бөлүнөт. Дарыялар менен көлдөрдө арал шилендилерден жана эрозиянын аракетинен пайда болот. Дүйнөдөгү ири (400 миң км2ден ашкан) аралдар: Гренландия, Жаңы Гвинея, Мадагаскар, Калимантан, Баффин Жери жана башка.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Арал, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.