Майкл Жеффри Жордан - (17.
2. 1963-ж. туулган, АКШ, Нью-Йорк) – америкалык баскетбол оюнчусу. 20-кылымдагы дүйнөнүн эң мыкты баскетболчусу. Олимпия оюндарынын эки жолку (1984, 1992), Улуттук баскетбол ассоциациясынын алты жолку (1991–93, 1996–98) чемпиону. Түндүк Каролина университетинин, «Чикаго Буллс», «Вашингтон Уизардс» командаларында ойногон. Улуттук баскетбол ассоциациясынын эң мыкты оюнчусу катары 5 жолу таанылып (1988, 1991, 1992, 1996, 1998), 14 жолу жылдыздар оюнуна тандалган. 3 жолу «Слэмданк» конкурсуна тандалып, эки жолу утушка (1987, 1988) ээ болгон. Ошондой эле «аба королу» деген наамга ээ болуу менен, бүгүнкү күндө баскетбол тарыхында эң мыкты оюнчу катары саналат. 1993-ж. бейсбол оюнун да ойноп көргөн. Учурда Oakley Inc компаниясынын жетекчилеринин бири.
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Майкл Жордан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.