Празеодим (лат.
И. Менделеев">Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин 8-катарынын IIIB группа элементи. К.н. 59, ат. м. 140,907. П. массалык саны 121Pr, 129Pr, 130Pr,133Pr -154Pr болгон 22 изотобу белгилүү. П. жаратылышта 141Pr болгон бир гана изотобу бар. П. 1885-ж. австр. химик Ауэр Фон Вельсбах тарабынан ачылган. П. - күмүш түстүү ак металл, балкып эрүү температурасы 935оС; кайноо температурасы 3127оС; жер кыртышынын (массасы б-ча) 7×10-4 % түзөт. Ал жаратылышта монацит, бастнезит, лопарит минералдары курамында болот. П. бирикмелеринде +3 жана +4 окистенүү даражаларын көрсөтөт. П. окистенүү -калыбына келүү потенциалы –2,46 барабар. П. активдүү металл. Галогендер менен аракеттенип туздар пайда кылат. Ал эми азот, күкүрт, көмүртек, кремний, фосфор, суутек менен ысытканда аракеттенип, тиешелүү бирикмелер пайда кылат. К-талар менен аракеттенет, бирок щелочтор менен аракеттенбейт. П. түстүү металлдар куймаларына бир аз кошуудан, алардын касиеттери жакшырат. П. кошулган айнектен нурдан сактоочу көз айнектер жасалат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Празеодим, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.