Адстрат - (лат.
ad - жанында жана stratum катмар, кабат) - ар түрдүү элдердин узак мезгил аралаш же жанаша жашагандыгынын натыйжасында ар башка тилдердин (эки элдин тили) бири бирине таасир тийгизишинин тилдик системадагы жыйындысы. Адстрат субстрат жана суперстрат терминдеринен айырмаланып, тилдердин өз ара таасиринин бейтарап тиби болуп саналат. Ал этникалык жактан эки эл ассимиляцияланбайт, бир тил экинчи тилге аралашып, сиңип жок болуп кетпейт дегенди туюндурат. Адстрат кубулушу өз алдынча эки тилдин ортосундагы катмарды түзөт да, аралаш билингвизмди туюндуруу үчүн да колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Адстрат, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.