Европа биримдиги (ЕБ) — Европа өлкөлөрүнүн аймактык саясий жана экономикалык бирикмеси (1993-ж.
чейин Европа Биримдиги). Европанын 27 өлкөсү кирет (2007). Европадагы 40 ашык өлкөнү бириктирген бир уюм. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн арасында чек жок болуп, бир паспорт колдонулат. 1999-жылдан баштап өз валютасына ээ болду - Евро.
Австрия, Бельгия, Болгария, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланд, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швеция, Эстония.
Европа Экономикалык Биримдигинин (1957-ж. Рим келишимдеринин негизинде түзүлгөн, ЕЭБ же «Жалпы рынок») жана Атом энергиясы боюнча Европа биримдигинин (1957-ж. негизделген) негизинде түзүлгөн. ЕСтин негизги максаттары Европ. бирдиктүү актынын (1987), Маастрихт (1992), Амстердам (1997) жана Ницца (2003) келишимдеринде (2007-ж. ЕСтин бул келишимдерди алмаштырууга багытталган ЕСтин Конституциясы иштелип чыккан, бирок ал биримдикке мүчө бардык өлкөлөр тарабынан ратификациялангандан кийин гана күчүнө кирет) аныкталган: бирдиктүү европалык жарандыкты киргизүү; эркиндик, коопсуздук жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу; экономикалык жана социалдык прогресске көмөктөшүү; Европанын дүйнөдөгү ролун бекемдөө. 1999-жылдан ЕСтин 12 өлкөсүндө бирдиктүү валюта – еврону пайдалануу (еврозонага өтүү) киргизилген. ЕСтин көпчүлүк мүчөлөрү бирдиктүү виза эрежелерин камтыган Шенген зонасына киришет. Расмий тилдери: англис, грек, испан, италян, немис, нидерланд, португал, финн, фламанд, француз, швед тилдери. ЕСтин желеги (1986) жана гимни (Людвиг ван Бетховендин «Кубаныч одасы») кабыл алынган. ЕСтин жогорку саясий жетекчи органы – Европа совети; институттары Европа парламенти, ЕСтин совети, Европа комиссиясы, Европа соту, Европа борбордук банкы. ЕСтин расмий борбору жок, анын институттарынын көпчүлүгү Люксембург, Страсбург, Франкфурт-на-Майне шаарында жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Европа биримдиги, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.