Youtube

YouTube — башкы штабы Калифорниянын Сан Бруно жергесинде жайгашкан Американын видео бөлүшүү вебсайты.

Кызмат PayPal компаниясынын мурдагы үч мүчөсү, Чад Харли, Стив Чен жана Жавед Карим тарабынан 2005-жылы февраль айында түзүлгөн. Google компаниясы сайтты 2006-жылы ноябрда 1.65 млрд АКШ долларына сатып алган; YouTube учурда Google'дун туунду компаниясы катары иштейт.

Youtube

YouTube колдонуучуларга видеолорду жүктөө, көрүү, баалоо, бөлүшүү, сүйүктүүлөргө кошуу, арыздануу, пикир жазуу жана башка колдонуучуларга жазылуу мүмкүнчүлүктөрүн берет. Ал колдонуучулар өндүргөн жана медиа корпорациялардын видеолорунун кеңири түрүн көрсөтүш үчүн WebM, H.264/MPEG-4 AVC жана Adobe Flash Video технологияларын колдонот. Жеткиликтүү мазмундар видео чыгырыктарды, сыналгы шоулорун, видео клиптерди, музыкаларды, тасмалардын трейлерлерин жана видео блог, кыскача түп нуска видеолор, билим берүүчү видеолор сыяктуу башка мазмундарды камтыйт. YouTube'дагы мазмундун көпчүлүгү жеке адамдар тарабынан жүктөлүп келет, бирок CBS, BBC, Vevo жана Hulu сыяктуу жалпыга маалымдоо корпорациялары YouTube өнөктөштүк программасынын бир бөлүгү катары YouTube аркылуу кээ бир материалдарын сунуштап турушат. Катталбаган колдонуучулар сайтта видеолорду гана көрө алышат, ал эми катталган колдонуучулар чектөөсүз видео жүктөп, видеолорго ой-пикир жаза алышат. Потенциалдык түрдө агрессивдүү деп эсептелген видеолор өздөрүн жок эле дегенде 18 жашта экенин бышыктап катталган колдонуучуларга гана жеткиликтүү.

YouTube Google AdSense менен жарнамалоо аркылуу киреше табат. Бул программа сайттын мазмунуна жана аудиториясына жараша жарнамаларды багыттап турат.

Tags:

GooglePayPalАмерика Кошмо Штаттары (АКШ)Калифорния

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Молдо КылычЦитологияКыргыз диалектологиясыБиосфераЧумаСулайман-ТооКазакстанОюнВитаминдерГенетика инженериясыФразеологизмдерСолтоБакаГерманияСуу сактагычЖердин айлануусуЭсИнтернетБакайКыргызстанМанастын сунушу боюнча кыргыздардын өз жерине көчүп келгениКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыТкандар (биологияда)Илимий техникалык прогрессПарник эффектисиНарын облусуКыргызстандагы жаныбарларМатематикаҮй-бүлөКыргыз философиясыТамак сиңирүүЖарамазанСабактын түзүлүшүИсламизмИч катууТаш-РабатТатаал сөздөрОптика«Жаңыл Мырза»ДааратПублицистикаАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичЭлектр-магниттик нурланууБелокЛандшафтЭнчилүү aтЭссеОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууМакал лакапКызыл китепСүймөнкул ЧокморовМанипуляцияТүшүндүрмө мүчөӨтмө мааниКөкөтөйдүн ашыБеш-арал мамлекеттик коругуМанас эпосуМайрамкан АбылкасымоваМетонимияГолографияМенеджментЖөтөлгө каршы дарыларМамлекеттик башкарууСаяпкерСократУсун мамлекетиЭхинококкозЖарандык укукТермелүү кыймылыФотосинтезПедагогикалык психологияМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Кан тобуКараханийлер мамлекетиКурманжан ДаткаГеографияЭнесай Кыргыз кагандыгы🡆 More