Рим цифралары – Байыркы Римде пайда болгон сандарды белгилөөчү шарттуу белгилер (же эсептөө системасы).
Б. з. ч. 500 жыл мурун этрусктарда пайда болгон. Ал кошуу жана кемитүү принцибине негизделген. Натуралдык сандарды белгилөө үчүн 7 тамга колдонулган: 1—1; V-5; Х-10; L-50; С-100; D-500; М-1000. Рим цифраларынын жардамы менен сандарды жазуу эки принципте жүргүзүлөт: 1) I, X, С белгилери чоң белгилердин сол жагына келсе, 1, 10, 100гө азайтылып (1Х=9), ал эми он жагына келсе, 1, 10, 100гө кошулуп жазылат (XI=11). Мисалы, 2012 саны. Эки миң MM, он X, эки II. бирге жазсак: MMXII. 2) Калган сандар белгилерди кайталоо менен жазылат. Рим цифралары курултайларды, пленумду, китептин бөлүмдөрүн (глава) ж. б. белгилөөдө колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Рим цифралары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.