Иосиф Виссарионович Сталин — Мурдагы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын жетекчи ишмерлеринин бири.
Көптөгөн бейкүнөө адамдарды өлүм жазасына өкүм кылды, миллиондогон украиндерди, казактарды жана башка элдерди ачкачылыкка салды, ошондой эле экинчи дүйнөлүк согушту жоготкон жана баштаган.
Иосиф 1879-жылы 21-декабрда Тифлис губерниясынын Гори шаарында туулган. 1894-жылы Горидеги дин окуу жайын бүтүрүп, Тифлис правослазие семинариясына кирген. Ал жердеги марксчылардын таасири менен революциячыл кыймылга аралашып, жашырын ийримдерде марксылк адабияттар менен тааныша баштаган. 1899-жылы революциялык иштери үчүн семинариядан куулгандан кийин жашырын абалга өтүп, революциялык илимди кесип кылып алып, Октябрь революциясын даярдоого жана ишке ашырууга активдүү катышып, Борбордук Комиссиянын Саясий бюросунун куралдуу көтөрүлүшкө жетекчилик кылып, Петроград Аскердик революциялык комитетинин мүчөлүгүнө кирген. Ал 1953-жылы 5-мартта дүйнөдөн кайткан.
Бизге - саясатчылардын кереги жок, аткаруучулар керек. Социализимге - жакындаган сайын душмандардын каршылыгы күчөп, күрөш курчуйт. Бир - жолу кабыл алынган чечимди өзгөртпөш керек. Сиздин - жоро-жолдошторуңуз эле көп экен. Жамандан - жаан жасаса болот. Өткөн - иш бир кудайга таандык. Көрүстөндө - гана талаш-тартыш болбойт. Калпка - муюп, чындыкка ишенишпейт. Кагылышта - канөлөт. Душмандарды - өз жеринде талкалаш керек. Депутат - элдин кызматчысы. Большевиктер - ала албас чеп жок. Кадрлар - баарын чечет. Техника - баарын чечет. Түшүм болсо - эгин болот. Тушум болбосо, эгин болбойт.
Шолохов: «Күлө багып караганы менен, көзү жолборс Бухарин: «Маркстан окуган Чынгыз-хан". Кретинский: «Жолборс көзүү бул адам далай кайгыны билет" Симонов: «Сталин саясий гроссмейстер болгон». Черчилль: «Сталин эң ири саясатчы». Твардовский: «Ал улуу бирок, коркунучтуу киши>. Адатта И. В. Сталин кимдир-бирөө жазаланган кагаздарды жетекчилерге жүктөп койчу экен.
Жемелев: Рокоссовский түрмөдөн бошоп, 1941-жылы дивизияга командир болуп жүргөндө, ага чоң кызмат сунуш кылмак болуп, фронттон чакыртат. - Германиянын согуштук доктринасын жакшы билесизби? - Жок, жолдош Сталин. - Герман армиясынын түзүлүшү менен курал-жарагынчы? - Жок, жолдош Сталин. Акыркы жылдары түрмөдө олтурдум да. - Кан күйүп жатса түрмөдө отуруп алганын карап кой! деген экен.
Иосиф Сталинге Соцалисттик Эмгектин Баатыры (1930), Советтер Союзунун Маршалы (1943), Советтер Союзунун Генералиссуму деген наам берилген. 1-даражадагы Суворов ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Борев Ю. Б. Сталин жөнүндө икая / Котор.: С. Наматбаев. -Б.: Мектеп, 1991. -336 б. Сактанов К. Сталин. -Б., 1992. -88 б.; Жуков Г. К. Сталин жөнүндө. Тагдырлар: Илимий-таанып билүү китеби. - Ф., 1990. -Б. 5-18; Сталинизм «Триумф жана трагедия» китебинин кыскартылган вариантынан / 9-февр; Сталин (Жугашвили). И. В. // Кыргыз Совет Энциклопедиясы.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Иосиф Сталин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.