Instagram

Instagram — мобилдик түзмөккө, иш такта компүтерине жана интернетке негизделген сүрөт бөлүшүү колдонмосу.

Кызмат колдонуучуларга сүрөт жана видеолорду ачык эле же жекече бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ал Кевин Систром (Kevin Systrom) жана Майк Кригер (Mike Krieger) тарабынан жарык көргөн, ал эми 2010-жылы октябрда iOS операциондук системдери үчүн гана акысыз мобилдик колдонмо катары колдонууга берилген. Android түзмөктөр үчүн нускасы эки жыл өткөндөн кийин, 2012-жылдын апрелинде жарыкка чыккан. Анын артынан 2012-жылы ноябрда өзгөчөлүктөрү чектелген вебсайт интерфейси пайда болгон. Ал эми Windows 10 Mobile жана Windows 10 үчүн колдонмолор тиешелүүлүгүнө жараша 2016-жылы апрелде жана 2016-жылы октябрда чыккан.

Instagram
Instagram
Тип

фототиркеме

Түзүүчү

Instagram, Inc.

Операциялык система

iOS 4.3 же жаңыраагы,
Android 2.2 же жаңыраагы

Интерфейс тили

англис, кытай, француз, немис, итальян, жапон, корей, португал, испан жана орус тилдеринде

Биринчи чыгарылышы

2010 жылдын, Тогуздун айынын 6да

Акыркы үлгүсү

Android 3.5.3 (2013 жыл 7 май)
iOS 3.4.2 (2013 жыл 1 февраль)

Лицензия

Freeware

Сайты

instagram.com

Instagram
Instagram тиркемесин колдонуу мисалы.
Instagram
16 ар башка Instagram-фильтринин жардамы менен өзгөртүлгөн коллаж.

Instagram катталган колдонуучуларга кызматка сүрөттөрдү же видеолорду жүктөө мүмкүнчүлүгүн берет. Колдонуучулар өздөрүнүн сүрөттөрүнө ар кандай санарип чыпкаларды колдонуп, геотегдер аркылуу турган жерин кошо алышат. Алар өз постторуна хештегдерди кошсо болот, муну менен ошол сүрөттү окшош теманы чагылдырган Instagram'дагы башка мазмун менен байланыштырышат. Колдонуучулар өз баракчаларын башка коомдук медиа профилдерине дагы туташтыра алышат. Бул сүрөттөрдү ошол профилдерге да бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет. Башында Instagram'ды айырмалап турган өзгөчөлүгү -- сүрөттөрдү чарчынын ичине калыпка салчу; бул 2015-жылы августта өзгөртүлүп, жаңы нускасында колдонуучулар медианы толук өлчөмдө жүктөй алып калышкан. 2012-жылдын июнунда "Изилдөө" терезеси жарыкка чыккан. Ал колдонуучуларга медианын ар кандай түрүн көрсөткөн, анын ичинде популярдуу сүрөттөр, жакын арада тартылган фотосүрөттөр, тренд болуп аткан тегдер жана жерлер, сунушталган видеолор үчүн каналдар менен тандалган мазмун болгон. Видеолорду колдоо алгач 2013-жылы июнда башталып, максимум 15 секундалык убакыт коюлган жана сапаты чектелген. Instagram кийинчерээк кенен экран жана узак видеолорду колдой баштаган.

2012 жылдын апрель айында Instagram Facebook компаниясы аркылуу сатылып алынган. Сатып алынган так баасы накталай 300 миллион долларды жана компаниянын 23 миллион акциясы менен түзүлдү.

Логотип

Instagram 
2010-2016 логотиби

Инстаграм социалдык тармагы негизделгенден бери алгачкы жолу өзүнүн логотибин жана дизайнын 2016 жылдын 12 майында өзгөрттү. Бул тууралуу маалымат аталган сайттын расмий баракчасында жазылды.

Instagram 
учурдагы логотиби

Бардык тиркемелер жаӊы жалпак логотиптерге ээ болуп, ал эми Инстаграм өзү ак-кара түскө өзгөрдү. Сервистин дизайны да ак-кара түскө алмашып, келген билдирүү, эскертүүлөр кызыл түскө өзгөргөн. Бир караганда жаштардын арасында өтө популярдуу социалдык тармактын логотиби күн желесиндей кубулуп тургандай таасир калтырат. Инстаграмдын жаратуучуларынын айтымында, логотип баарына белгилүү бойдон калышы керек болгондуктан, instant-камеранын оригиналдуу бөлүктөрү мурункудай эле калтырылган. Ошондой эле Инстаграмдын Layout, Boomerang жана Hyperlapse тиркемесинин логотиптери да өзгөргөнүн байкоого болот.

Дагы караңыз

  • Gfranq

Булактар

Тышкы шилтемелер

Tags:

Instagram ЛоготипInstagram Дагы караңызInstagram БулактарInstagram Тышкы шилтемелерInstagramAndroidIOS

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Чолпон-АтаАмерикаУйгур кагандыгыКайра курууКанЧабалекейлерКитепУкук бузууКыргыз тилинин жазуу эрежелериКоомЭмоцияСырдык сөзКурманжан ДаткаНаймандарСпортМанас эпосунун идеясыЭркин түшүү ылдамдануусуСинонимГлюкозаУзакбай АбдукаимовАлгоритмБагыныңкы сүйлөмАдабият тектериКыргыз элчиликтериБышыктоочторКурмангазы Сагырбай уулуПлутонТоо арасында (роман)Кыргызстандын дары сууларыКыргызстандагы таш дооруАлтынҮй-бүлөТишТарбияАнтон ЧеховБир сомКушПоэзияАккууТоголок Молдонун чыгармаларыМанастын күмбөзүКошожашЖеңиш Күнү«Манасты» жыйнооСаспаев АманАлымбек даткаАнглияАрызГрамматикаКеректөөнүн улам өсүү мыйзамыПсихологияТурусбеков ЖусупМеталлургияДем алуу системасыКыргыз Республикасынын президентиАба (атмосфера)РоботТабигый ресурстарКыргыздардын тарыхыКеплер мыйзамдарыЖаз мезгилиКиринди сөзГеографиялык кабыкЖөргөмүшВ тобундагы витаминдерАманатЗат алмашууОсмон империясыАк карагайКош бойлуулукСулайман-ТооМаркетингБайтик баатырМаданий өсүмдүкСимметрияКосмосЮпитерТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакалары🡆 More