Риони – Грузиядагы дарыя.
Узундугу 327 км, алабынын аянты 13,4 миң км2. Чоң Кавказ кырка тоосунун түштүк капталдарынан башталып, Кутаиси шаарынан төмөнүрөөк Колхида ойдуңу боюнча агат. Кара деңизге куярда (Поти шаарынын жанында) дельтаны пайда кылат. Орточо чыгымы 405 м3/секдай. Суусу өтө киргилт. Самтредиа шаарынан кеме жүрөт. Они шаарынан сал агызылат. Ортонку агымында сугатка пайдаланылат. Рионинин жогорку агымындагы өрөөн аркылуу Аскер-Осетин жолу өтөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Риони, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.