Швейцария

Швейцария (нем. Schweiz, фр. Suisse, итал. Svizzera, рома.

Борбор шаары - Берн. Мамлекеттик башкаруу түрү - федералдык парламенттик башкаруу системасы. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө Германия, түштүгүндө Италия, батышында Франция, чыгышында Австрия жана Лихтенштейн менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттик 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар жайгашкан.

Швейцар Конфедерациясы
нем. Schweizerische Eidgenossenschaft
фр. Confédération suisse
итал. Confederazione Svizzera
рома. Confederaziun svizra
лат. Confoederatio Helvetica

Швейцария Герб
Туу Герб
Урааны: «лат. Unus pro omnibus, omnes pro uno»
«Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн»
Гимн: «Швейцар забуру»
Швейцария
Расмий тилдери немис тили, француз тили, италян тили, романш тили
Борбор шаары Берн
Ири шаарлар Цүрих, Женева, Базель, Лозанна, Берн, Люцерн
Президент Иньяцио Кассис
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.

41 284 км²
4,2
Калкы
• Бааланган (2019)
Жыштыгы

8 558 758 адам
207 ад./км²
Акча бирдиги швейцардык франкы
Домени .ch, .swiss
ISO коду CH
ЭОК коду SUI
Телефон коду +41
Убакыт аралыгы UTC UTC+1
Швейцария
Швейцария.

Өлкөнүн аталышы

Швейцария

Швейцариянын мамлекеттик тилдериндеги аталышы ар түрдүү. Мисалы немисче-Schweiz, французча-Suisse, италиянча-Svizzera, ромонжчо-Svizra -деп аталат. Швейцариянын расмий аталышы- Швейцария конфедерациясы - немисче-Schweizerische Eidgenossenschaft, французча-Confédération suisse, италиянча-Confederazione Svizzera, ромонжчо Confederaziun Svizra.
Өлкөнүн аталышы XVI кылымда Швиц Schwytz кантонунун(облусунун) негизинде пайда болгон. Байыркы немис тилинен Schwytz аталышын кыргызчага которгондо "өрттөө" -дегенди билдирет. 972-жылы швейцариялыктар өздөрү жашаган Швиц айылындагы калктын тукум уланышына, жер өсүмдүктөрүнүн жакшы өсүшүнө кам көрүү максатында айылдын тегерегиндеги токойлорду ирээттеп, куураган бактарды дайыма өрттөп турушчу. Ошондон улам Shwytz (кыргызча-өрттөө)- деген аталышы пайда болгон.
Кийинчерээк австриялыктар тарабынан Schwytz деген аты бурмаланып, азыркы учурда Швиц (немисче- Schweiz) деп айтылып келет.

Кыргыздар арасында аталган мамлекет Швейцария -деген аталышы менен белгилүү.

Швейцариябы же Швейцария конфедерациясыбы?

Щвейцариянын латын тилиндеги аталышы — Confoederatio Helvetica. Бул аталышты щвейцариянын акчаларынан жана өлкөнун интернет доменинде көрүүгө болот(ch). Ошондой эле Щвейцариянын почта маркаларында дагы Helvetia- деген латын тилиндеги аталышы жазылат. Мындан тышкары "Хелветика конфедерациясы" -деген расмий жазуу темир акчаларда жана өлкөнүн борбор калаасы болгон Берн шаарындагы Өкмөт үйүнүн кире беришинде да сакталып калган.

Мамлекет- "Швейцария Конфедерациясы" (фрацузча-Confédération suisse) катары биринчи жолу жалпы европалык "30 жылдык согуш" учурунда (1618-1648) кайсы бир немисче документте катталган. Бирок, бул аталыш ошону менен тез эле кеңири колдонулуп кеткен жок. XVIII-кылымга чейин расмий түрдө да, жөнөкөй учурда да "Хелветика корпусу", "Магна лигасы" жана "Хелветия" деп айтылып жүргөн.

Iвейцария конфедерациясы- деген аталыш 1803-жылдын 19-февралында Наполеон Бонопарт тарабынан жазылган "Ортомчулук мыйзамында" да белгиленген эмес. Биринчи жолу "Щвейцария конфедерациясы" катары австриялыктар менен болгон согуштан кийин 1815-жылдагы "Швейцариянын биригүүсүнүн түбөлүк бейтараптыгы жана чек араларынын кол тийбестиги жөнүндөгү" декларациянын 15-беренесинде жазылган.

Анткен менен 1948-жылы 22 кантон (облус) "Щвейцария конфедерациясын" түзүп, жаны кабыл алган Конституциясында кайрадан "Хелветика конфедерациясы" (Confoederatio Helvetica) - деп жазылып калган.

Мезгил өткөн сайын "Хелветика конфедерациясы" деген аталышы аз колдонулуп отуруп, акыры 1999-жылы кабыл алынган Конституцияда расмий түрдө "Щвейцария конфедерациясы" аталды.

Тарыхы

...

Колдонулган адабияттар

...

Tags:

Швейцария Өлкөнүн аталышыШвейцария бы же конфедерациясыбы?Швейцария ТарыхыШвейцария Колдонулган адабияттарШвейцарияАвстрияГерманияЕвропаИталияИталян тилиЛатын тилиЛихтенштейнНемис тилиРоманш тилиФранцияФранцуз тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Бөйрөк оорусуКурманжан ДаткаАпрель революциясыСоциалдык институтТок булагыКыргыз тилинин тарыхыМамлекеттик бюджетРоза гүлдүүлөрВитамин жетишсиздигиТоктоболот АбдумомуновТоголок МолдоДаникеев, ӨскөнМеркурийКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыДем алуу системасыАң-сезимЫйык Рим империясыКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыТүндүк АмерикаБоорДидактикаРынок экономикасы«Жаңыл Мырза»КүзЖугуштуу ооруларЭмгек ырларыЖайлооМиң сомСелФранцияБашкы баракСинонимДемократияЧүйОлимпиялык оюндарБарпы АлыкуловДарыяЭлементтер мезгилдик системасыЧүй облусуОрозов КарамолдоЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүКош бойлуулукАрстанбек Буйлаш уулуМакал лакапАльберт ЭйнштейнКыргыз автономиялуу облусуДүйнөнүн жети кереметиДаван мамлекетиУсун мамлекетиКыргызстандын гимниКальцийЖакыпбек Ниязбек уулуЭкономикаМенеджментТүргөш кагандыгыСанжыраСөзГаздардагы электр разрядыИчки органдарЗаара бөлүп чыгаруу системасыБаяндамаБайтик баатырКамсыздандырууТерроризмАлфавитКыргызстандын КонституциясыЖарым өткөргүчТатаал сөздөрКачыбек Шералы уулуЖаратылышты коргооФразеологизмГалактикаИнсанМамлекеттердин тизмесиУильям ШекспирКаакым🡆 More