COVID-19 – бул катуу кармап, дем алуу тутумун жана ичеги-карын көңдөйүн катуу жабыркатуучу вирустук оору.
Коронавирус келип чыгышы боюнча адам эле эмес, башка жандыктардан да жуга турган инфекциялык илдет болуп саналат.
Адам организминде илдет пайда кылуучу коронавирустун бир нече түрлөрү бар. Генетикалык козгогучунун өзгөчөлүгүнө жараша бул вирустар үч түргө бөлүнөт:
Адамга жуккан биринчи жана экинчи топтогу коронавирус оор эмес вирустук инфекцияларды козгоочулар болуп саналышат. Төмөндөгү козгогучтар жукканда оор илдеттерди чакырарын байкоого болот:
Эң көп жайылган COVID-19дун белгилерине төмөндөгүлөр кирет:
Кээ бир бейтаптарда кезигип, азыраак жайылган белгилерге төмөндөгүлөр кирет:
Иммундук тутуму алсызданган, өнөкөт оорусу бар жашы 60тан жогорку адамдардын коронавируска же сасык тумоого кабылуу тобокелчилиги жогору. Коронавирусту коштогон кандай оору болбосун, бул илдетке чалдыгуу тобокелчилигин жогорулатат.
Коронавирус жуктурган балдар адатта анын билинбеген белгилерин алып жүрүшөт же болбосо, андай белгилер аларда таптакыр билинбейт.
Жеңил же орто оордуктагы коронавирусту айыктыруу максаты өзүнө симптоматикалык дарылоону камтыйт. Бул үчүн дене табын түшүрүүчү, жөтөлгө жана мурун бүтүүгө каршы дарылар жана башка каражаттар колдонулат.
Коронавирустун фармакотерапиясы:
Кортикостероиддер бейтаптын абалы тездик менен начарлап, оору даана ырбап кеткенде, узак лимфопенияда, кандын кислород менен жабдылышы төмөндөгөндө колдонулат. Оор кабылдап кетүүлөр өөрчүгөндө антибиотиктерди колдонуу жана өпкөнү жасалма дем алдыруу сунушталат. Абалы оор бейтаптарга типсиз пневмония менен ооруп айыккандардын кан плазмасын колдонуу жакшы натыйжаларды берди.
Оорунун билинер-билинбес белгилери байкалганда үйдөн чыкпоо сунушталат.Айланадагылар көбүрөөк ооруй баштаганда адамдар менен байланышты болушунча чектеп, бир жерге чогулуудан жана адамдар көп топтоло турган жайларга баруудан качуу керек.
Коронавирусту алдын алуу чаралары:
Азыр вакцина IMM-101 клиникалык сыналуунун III баскычында турат, ал 1 500 ыктыярдууларда тестирленүүдө. Анын коронавирустан сактай аларын биз 2021-жылы 31-мартта билебиз. BACMUNE вакцинасы да сыноонун III баскычында турат, ал 3 312 адамда тестирленүүдө. Бул вакцинанын вирустан сактай алары 2021-жылы декабрда билинет.
Бул колдонуучу bot, Harej аттуу колдонуучуга таандык (баарлашуу). Бул чыныгы колдонуучу эмес. Уикипедияны жакшыртуу максатында көп кайталануучу жана кол менен жасаганда убакытты алган операцияларды аткаруу үчүн түзүлгөн. Автоматтык же жарым автоматтык абалда иштейт. Администраторлор: эгер бул бот зыян келтирсе тосмолоп койгула жана ээсине кабарлап койгула. |
Бул колдонуучу bot, Harej аттуу колдонуучуга таандык (баарлашуу). Бул чыныгы колдонуучу эмес. Уикипедияны жакшыртуу максатында көп кайталануучу жана кол менен жасаганда убакытты алган операцияларды аткаруу үчүн түзүлгөн. Автоматтык же жарым автоматтык абалда иштейт. Администраторлор: эгер бул бот зыян келтирсе тосмолоп койгула жана ээсине кабарлап койгула. |
{{Country data {{{1}}}|Writer icon2|size=}}[[Image:{{{flag alias}}}|border|38x38px|alt=Flag of {{{alias}}}]]
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article COVID-19, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.