Уюлдук телефон (англ. cell phone) — БЛЭКПИИИНККК ЛЛАЛИСААА МАНОООБАННН КИИИМ ДЖИИИСУУУ ПАККК РООЗЕЕЕ КИММ ДЖЕЕЕННИИ УРАААА БЛЭКПИИИНННКК уюлдук байланыш кызматы бар жерде радио жыштык аркылуу телефон чалган жана чалууларды кабыл алган алып жүрмө телефон.
Уюлдук телефондун жаралышы 1973-жылга таандык. Ошондо америкалык “Motorola” компаниясы азыркы уюлдук телефондордун түпкү атасы болгон Motorola Dyna TAC телефонун иштеп чыгарган. Ал эми Кыргызстанда уюлдук телефон 1994-жылы 12-июлда биринчи жолу шыңгыраган. Ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз–Америка телефону) болгон.
"Motorola" компаниясы 1983-жылы DynaTAC8000X үлгүсүндөгү биринчи уюлдук телефонун чыгарат. Бул телефон 15 жыл дегенде иштелип чыгып, 100 миллион АКШ доллары сарпталган. Салмагы 794 граммды түзүп, заряды 8 саатка жеткен. Баасы 3 миң 995 АКШ долларын чапчыган.
Уюлдук телефон башында байланыш үчүн гана колдонулса, кийинчерээк анын жазуу китепчеси, сааты жана ойготуучу коңгуроосу пайда болду. Алардын артынан радио, фотоаппарат , интернет жана электрондук почта кошулду. Аны менен катар уюлдук телефондун жардамы менен көңүл ачууга, жакындарды куттуктоого, маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Капчыгы калыңдар үчүн
Учурда “люкс” классындагы телефондорду чыгаруучу "Nokia" компаниясынын бир бутагы болгон “Верту” компаниясы бар. Верту телефондорунун корпусу алтын, ак алтын, титан, болот жана башка баалуу, жогорку сапаттагы металлдардан жасалып, кымбат баадагылар болуп саналат. Бул телефондор чыгарыла баштаган 10 жыл ичинде бардарлыктын символу болуп, байлыкты даңазалоочу буюмга айланган. Анын эң атактуу түрү болуп Boucheron Cobra (Боушерон Кобра)саналат. Баасы 320 миң евро. Ал эми Signature (Сигнатур) жана Ascent (Аскент) үлгүлөрүн даярдоого 940 түрдүү бөлүкчөлөр колдонулат. Верту телефондорунун башка телефондордон дагы бир өзгөчөлүгү бар. Ал – бир гана Англия өлкөсүндө жасалгандыгы.
Уюлдук байланыш бара-бара өнүгүп отуруп, адамдарга ыңгайлуулуктарды алып келүүчү дагы бир канча кызматтары пайда болмокчу. Учурда дүйнөлүк операторлор алардын үстүндө иштешүүдө.
Коргоочулук
Телефон кожоюнун капысынан кол салган тоноочудан бир нече жол менен сактап кала алат. Биринчиден, ток менен. Бул үчүн телефондо электрошокер болуп, ал тоноочудан ток менен сактай алат. Же болбосо телефонго көрүүнү начарлатуучу күчтүү нур орнотулуп, ал да кол салуулардан сактайт.
Дарыгерлик
Телефон адамдын үнү, кан басымы жана денесинин температурасын көзөмөлдөп турат. Керектүү учурда автоматтык түрдө “Тез жардам” чакыра алат.
Майыптар үчүн
Көрүүсү начарларга радио толкундардын жардамы менен алдында эмне тургандыгынан кабар бере алат. Ал эми сүйлөй албагандар үчүн атайын режимде маек уюштуруп бере алат.
Оруну | Чыгаруучу | Өлкө | Белгиленген бирдиги 2011 | Базардагы үлүшү 2011 | Белгиленген бирдиги 2010 | Базардагы үлүшү 2010 | Белгиленген бирдиги 2009 | Базардагы үлүшү 2009 |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
1. | Nokia | Финляндия | 422.478.300 | 23,8 % | 461.318.200 | 28,9 % | 440.881.600 | 36,4 % |
2. | Samsung | Корея | 313.904.200 | 17,7 % | 281.065.800 | 17,6 % | 235.772.000 | 19,5 % |
3. | Apple | АКШ | 89.263.200 | 5,0 % | 46.598.300 | 2,9 % | 24.889.700 | 2,1 % |
3. | LG Electronics | Корея | 86.370.900 | 4,9 % | 114.154.600 | 7,1 % | 121.972.100 | 10,1 % |
4. | ZTE | Кытай | 56.881.800 | 3,2 % | 28.768.700 | 1,8 % | 16.026.100 | 1,3 % |
5. | Research In Motion | Канада | 51.541.900 | 2,9 % | 47.451.600 | 3,0 % | 34.346.600 | 2,8 % |
6. | HTC Corporation | Тайвань | 43.266.900 | 2,4 % | 24.688.400 | 1,5 % | 10.811.900 | 0,9 % |
7. | Huawei | Кытай | 40.663.400 | 2,3 % | 23.814.700 | 1,5 % | 13.490.600 | 1,1 % |
8. | Motorola | АКШ | 40.269.000 | 2,3 % | 38.553.700 | 2,4 % | 58.475.200 | 4,8 % |
9. | Sony Mobile Communications | Жапония Улуу Британия | 32.597.500 | 1,8 % | 41.819.200 | 2,6 % | 54.956.600 | 4,5 % |
Башка чыгаруучулар | 597.326.900 | 33,7 % | 488.569.300 | 30,6 % | 199,617.200 | 16,5 % | ||
жыйынтыгы | 1.774.564.100 | 100 % | 1.596.802.400 | 100 % | 1.211.239.600 | 100 % |
Оруну | Чыгаруучу | Өлкө | Белгиленген бирдиги 2012 | Базардагы үлүшү 2012 |
---|---|---|---|---|
1. | Samsung | Корея | 384.631.200 | 22,0 % |
2. | Nokia | Финляндия | 333.938.000 | 19,1 % |
3. | Apple | АКШ | 130.133.200 | 7,5 % |
4. | ZTE | Кытай | 67.344.400 | 3,9 % |
5. | LG Electronics | Корея | 58.015.900 | 3,3 % |
6. | Huawei Technologies | Кытай | 47.288.300 | 2,7 % |
7. | TCL Communication (Alcatel) | Кытай | 37.175.600 | 2,1 % |
8. | Research In Motion (BlackBerry) | Канада | 34.210.300 | 2,0 % |
9. | Motorola | АКШ | 33.916.300 | 1,9 % |
10. | HTC Corporation | Тайвань | 32.121.800 | 1,8 % |
Башка чыгаруучулар | 587.399.600 | 33,6 % | ||
жыйынтык | 1.746.175.600 | 100 % |
Чыгаруучулардын базардагы үлүшү процент менен | Сатылган аппараттар | |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Жылдык квартал | Nokia | Samsung | LG | Apple | RIM | Sony Mobile Communications | Башка | |
2011 жыл | ||||||||
II квартал | ▼ 24,2 | ▲ 19,2 | ▼ 6,8 | ▲ 5,6 | ▼ Башканы караңыз | ▼ Башканы караңыз | 39,7 | 365,4 миллион |
2010 жыл | ||||||||
2010 жыл | ▼ 28,9 | ▼ 17,6 | ▼ 7,1 | ▲ 2,9 | ▼ 3,0 | ▼ 2,6 | 30,6 | 1,596 миллион |
IV квартал | ▲ 30,8 | ▲ 20,1 | ▲ 7,6 | ▲ 4,0 | ▼ 2,9 | ▼ 2,5 | 33,2 | 401,4 миллион |
III квартал | ▼ 28,2 | ▼ 17,2 | ▼ 6,6 | ▲ 3,2 | ▼ 2,9 | ▼ 2,5 | 39,1 | 417,1 миллион |
II квартал | ▼ 34,2 | ▼ 20,1 | ▲ 9,0 | 2,7 | 3,4 | ▲ 3,4 | 27,2 | 325,6 миллион |
I квартал | ▼ 35,0 | ▲ 20,6 | ▼ 8,6 | ▲ 2,7 | ▲ 3,4 | ▼ 3,1 | 26,6 | 314,6 миллион |
2009 жыл | Жылдык жыйнтык 1,21 млрд. | |||||||
IV квартал | ▼ 36,4 | ▼ 19,5 | ▼ 10,1 | Башканы караңыз | Башканы караңыз | ▲ 4,5 | 29,5 | 345,9 миллион |
III квартал | ▼ 36,7 | ▲ 19,6 | ▼ 10,3 | ▲ 2,3 | ▲ 2,8 | ▼ 4,3 | 24,0 | 308,9 миллион |
II квартал | ▲ 36,8 | ▲ 19,3 | ▲ 10,7 | ▲ 1,9 | 2,7 | ▼ 4,7 | 23,9 | 286,1 миллион |
I квартал | ▼ 36,2 | ▲ 19,1 | ▲ 9,9 | 1,5 | 2,7 | ▼ 5,4 | 25,2 | 269,1 миллион |
2008 жыл | Жылдык жыйынтык: 1,22 млрд. | |||||||
IV квартал | ▼ 37,7 | ▲ 18,3 | ▲ 8,9 | ▲ 1,5 | Башканы караңыз | ▼ 7,5 | 26,1 | 314,7 миллион |
III квартал | ▼ 38,2 | ▲ 17,1 | ▼ 7,8 | Башканы караңыз | Башканы караңыз | ▲ 8,1 | 28,8 | 308,5 миллион |
II квартал | ▲ 39,5 | ▲ 15,2 | ▲ 8,8 | ▼ 0,3 | Башканы караңыз | 7,5 | 28,7 | 304,7 миллион |
I квартал | ▼ 39,1 | ▲ 14,4 | ▲ 8,0 | 0,6 | Башканы караңыз | ▼ 7,5 | 30,4 | 294,2 миллион |
2007 жыл | Жылдык жыйынтык 1,15 млрд. | |||||||
IV квартал | ▲ 40,4 | ▼ 13,4 | 7,1 | Башканы караңыз | Башканы караңыз | ▲ 9,0 | 30,1 | 330,0 миллион |
III квартал | ▲ 38,1 | ▲ 14,5 | ▲ 7,1 | Башканы караңыз | Башканы караңыз | 8,8 | 31,5 | 288,9 миллион |
II квартал | ▲ 36,9 | ▲ 13,4 | ▲ 6,8 | Башканы караңыз | Башканы караңыз | ▲ 8,8 | 34,1 | 270,8 миллион |
I квартал | ▼ 35,7 | ▲ 12,5 | ▼ 6,2 | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | ▼ 8,4 | 37,2 | 257,3 миллионов |
2006 жыл | Жылдык жыйынтык 0,99 млрд. | |||||||
IV квартал | ▲ 36,2 | ▼ 11,3 | ▲ 6,3 | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | ▲ 9,0 | 37,2 | 284,2 миллион |
III квартал | ▲ 35,1 | ▲ 12,2 | ▼ 6,0 | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | ▲ 7,7 | 39,0 | 251,2 миллион |
II квартал | ▼ 33,6 | ▼ 11,1 | ▼ 6,3 | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | ▲ 6,7 | 42,3 | 229,1 миллион |
I кварта | ▼ 34,0 | ▲ 12,5 | ▼ 6,5 | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | ▼ 6,1 | 40,9 | 224,0 миллион |
2005 жыл | Жылдык жыйынтык 0,81 млрд. | |||||||
IV квартал | ▲ 35,0 | ▼ 12,1 | ▲ 7,2 | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | ▲ 6,9 | 38,8 | 235,1 миллион |
III квартал | ▲ 32,5 | ▼ 12,5 | ▼ 5,5 | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | ▲ 6,7 | 42,8 | 206,7 миллион |
II квартал | ▲ 31,6 | ▼ 12,9 | ▲ 6,7 | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | ▲ 6,1 | 42,7 | 193,6 миллион |
I квартал | ▼ 30,4 | ▲ 13,5 | ▼ 6,3 | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | ▲ 5,5 | 44,3 | 180,9 миллион |
2004 жыл | Жылдык жыйынтык 0,67 млрд. | |||||||
IV квартал | ▲ 33,0 | ▼ 12,2 | 6,8 | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | 6,3 | 41,7 | 195,3 миллион |
III квартал | 30,2 | 13,4 | Башканы караңыз | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | 6,3 | 50,1 | 170 миллион |
I квартал | 28,9 | 12,5 | Башканы караңыз | Чыгарууну токтоткон | Башканы караңыз | 5,6 | 53,0 | |
Жылдык Квартал | Nokia | Samsung | LG | Apple | RIM | Sony Ericsson | Башка | Сатылган аппараттар |
Таякчада турган Башка кийинки компаниялар бул жакта: Acer Inc., Alcatel, Anycool, Asus, Audiowox, Benefon, BenQ, Bosch (90-чу акырында жабылган), CECT, Gigabyte, Gresso, HTC, Huawei, Fly, Fujitsu, Kyocera, Mitsubishi Electric, Motorola, NEC, Neonode, Panasonic, Palm, Matsushita, Pantech Curitel, Philips, Qualcomm, Sagem, Sanyo, Sharp, Siemens ( III кварталында жабык 2005), Sendo, Sierra Wireless, SK Teletech, Toshiba, ZTE. |
Азыркы кезде уюлдук байланыш дегенде эле көпчүлүк Нокиа аталышындагы телефондорду элестетишсе керек. А бирок Нокианын тарыхы тээ тереңде жатканын баары биле бербеши анык. 1865-жылы финляндиялык тоо инженери Фредрик Идестам Нокия дарыясынын жээгиндеги токойдон жыгач иштетүүчү фабрика куруу үчүн уруксат алат. Фабрика кийин чоң комбинатка айланат. Жумушчулардын көп келген агымынан улам Нокиа шаары пайда болот. “Nokia” деген сөз фин тилинен которгондо “карагай суусары” деген маанини билдирет. 1871-жылы "Нокиа корпорэйшн" ("Nokia Corporation") ишканасы болуп түзүлөт. Бара-бара өз кучагына башка тармактарды кошуп, кагаз, жыгач, резина өндүрүп, резина өтүктөрдү, көлөчтөрдү жана электр жабдыктарын чыгара баштайт. Өзүнүн өндүргөн товарлары менен Европа жана Америка өлкөлөрүн багындырууга жетишет. Ар тармакта алдыга жылып отуруп, 1960-жылы "Нокиада" электрондук бөлүм түзүлөт. Андан көп өтпөй эле, тактап айтканда, 1963-жылы биринчи радиотелефонду иштеп чыгышат. Мындай ар тармактуулук “Баарын жасаса болот жана баарын жасап көрүш керек” деген ураандын негизинде жаралат. 80-жылдардагы уюлдук байланыштын өнүгө башташы менен “Нокиа” фирмасы да башкаларга салыштырмалуу толук кандуу, ыңгайлуу уюлдук телефон иштеп чыгат. Ошентип, 1991-жылы азыр биз колдонуп жаткан GSM стандартындагы уюлдук байланышы Финляндияда ачылат. Биринчи болуп Нокиа телефонунан өлкөнүн премьер-министри Ахо Эско Тапани коңгуроо кылган. Ошол мезгилден тарта Нокианы телекоммуникация тармагында токтотуу мүмкүн болбой келет.
1990-жылы “Нокианын” уюлдук телефондор бөлүмүнүн жетекчилигине Йорма Оллила келет. Өзүнүн көрөгөчтүгү менен келечек уюлдук байланыштын заманы экенин түшүнүп, каражаттын баарын ушул тармакка сарптайт. Ийгиликтер жарала баштагандан тарта, башкача айтканда, 1992-жылы Оллила “Нокианын” башчысы болуп шайланат. Ал тез арада ишкананын башка тармактарын кыскартып, негизги басымды уюлдук телефондорго коёт. 5 жылдын ичинде “Нокиа” 31 өлкөгө GSM стандартындагы уюлдук байланышынын лицензиясын сатып, 59 уюлдук оператор элге кызмат көрсөтө баштайт. Аны менен бирге эле Нокиа телефондору Азия менен Европада кеңири таралат. Негизги атаандаштар болгон "Ericsson" менен "Motorola" компаниялары артта калат. Акырындап отуруп, “Нокиа” дүйнөлүк брендге айлана баштайт. Ал гана эмес, америкалыктар уюлдук байланыш үчүн дүйнө жүзү Европа менен кошо “Нокиага” милдеттүү деп моюнга алат. Айтмакчы, Йорма Оллила бүгүнкү күндө да “Нокианы” жетектеп келет.
Айтылуу “Samsung” компаниясы 1938-жылы азык-түлүк тармагындагы ишкана болуп түзүлөт. Негиздөөчүсү – Ли Бьонг Чхуль. Ал кезде Корея Японияга колония болуп турганына карабастан, ал өз алдынча иш баштоону чечет. “Самсунг” деген сөз "үч жылдыз" деген маанини билдирет. Чхуль "Үч жылдыз" деп үч эркек уулунун урматына атап койгон. Экинчи Дүйнөлүк согуштун кыйынчылыктарына карабастан, Чхуль акырындан алдыга жылып отурат. Иштин көзүн билип калган Ли 1969-жылы япондор менен бирдикте "Самсунг Электроникс" ишканасын негиздеп, сыналгыларды чыгара баштайт. Убакыттын өтүшү менен жаңы түптөлгөн компания электрондук, тиричилик буюмдарын чыгарып, Кореяда гана эмес, эл аралык аренада да өз ордун ээлей баштайт. Компаниянын уюлдук телефондору тууралуу айтсак, 2 сим-карталуу телефонду дал ушул компания чыгарган. Биринчи болуп күндүн энергиясы менен иштей турган телефонду да иштеп чыккан. Учурда Самсунг уюлдук телефондору өтүмдүүлүгү жагынан дүйнөдө 2-орунду эч кимге бербей келет.
Уюлдук телефондордун эң жашы, сырткы келбети жагынан эң келишимдүүсү деп Сони Эриксонду айтса болот. Анткени компаниянын түзүлгөнүнө 14 гана жыл болгонуна карабастан, миллиондордун жүрөктөрүнөн орун таба алды. Тарыхына кайрыла кетсек, компания 2001-жылы швециялык "Эриксон" жана жапониялык "Сони" ишканаларынын биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн. Башкача айтканда, Сони Эриксон телефондорун чыгыш менен батыштын маданиятынан келип чыккан шедевр десек болот. Компания чыгарган тун аппарат болуп Т68i үлгүсү эсептелет. Бул алгачкы телефон түстүү экраны менен айырмаланган. Ушул эле үлгүдө уюлдук телефондордо биринчи жолу фотоаппарат орнотулганын айта кетүү абзел. Ишкана аз убакыт ичинде телекоммуникация тармагында чоң ийгиликтерге жетише алган. 2008-жылдан бери компания дүйнөнүн телефон сатуу базарында 5-орунда бекем орун алып келет.
27,1 миллион; "Motorola" – 10,6 миллион жана "Sony Ericsson" 10,5 миллион телефон сатышкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Уюлдук телефон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.