Түштүк-Африка Республикасы

Түштүк-Африка Респу́бликасы (ТАР; африк.

Republiek van Suid-Afrika, англ. Republic of South Africa) — Африка континентинин түштүк бөлүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүндө Намибия, Ботсвана жана Зимбабве менен, түштүк-чыгышында — Мозамбик жана Свазиленд менен чектешет. Түштүк-Африка Республикасынын ичинде Лесото анклав-мамлекети жайгашкан .

Түштүк-Африка Республикасы
африк. Republic of South Africa
африк. Republiek van Suid-Afrika1

Түштүк-Африка Республикасы Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Файл:ZAF orthographic.svg и LocationSouthAfrica.svg
Эгемендүүлүк күнү 31 май 1961

( Улуу Британиядан)

Расмий тили Аңглис тили,
африкаанс, венда,
зулу, коса,
ндебеле, свати,
түндүк сото, сесото,
тсвана жана тсонга
Борбор шаары Кейптаун (мыйзам чыгаруу)
Претория (акимий)
Блумфонтейн (сот)
Ири шаарлар Йоханнесбург, Кейптаун,
Дурбан, Претория
Башкаруу формасы Парламенттик республика
Президент
Вице-президент
Жейкоб Зума
Кгалема Мотланте
Аянты
• Жалпы
24 - дүйнөдө
1 219 912 км²
Калкы
• Бааланган (2013)
Жыштыгы

48 601 098 адам (25)
41 ад./км²
АДӨИ ( 2011) 0,619 (орточо) (123-чү)
Акча бирдиги Түштүк-Африка рэнди
Домени .za
ISO коду ZA
ЭОК коду RSA
Телефон коду +27

Түштүк-Африка Республикасы континент боюнча ак, азиат жана аралаш калктардын саны боюнча алдыңкы орунда. Өлкө баалуу минералдык ресурстарга ээ, ошондой эле Африкада экономикасы боюнча эң өнүккөн өлкө болуп саналат.

Түштүк-Африка Республикасынын тарыхындагы жана политикасындагы эң маанилүү пункт болуп каралар менен актардын ортосундагы раса аралык конфликт болду. Конфликт өз кульминациясына 1990-чу жылдарга чейин иштеп турган, 1948 жылы орнотулган апартеид режиминен кийин жеткен. Улуттук партия дискриминациялык мыйзамдарды киргизүүнүн инициатору болду. Бул политика, алдыңкы ролду Стив Бико, Десмонд Туту жана Нельсон Мандела сыяктуу кара активиситтер ойногон, көпкө созулган жана кандуу күрөшкө алып келди. Кийинчирээк аларга актар жана түстүүлөр (аралаш калктардын урпактары), ошондой эле инди насилиндеги түштүк-африкалыктар кошулушту. Апартеиддин кулашында белгилүү ролду эл аралык коомчулук тарабынан жасалган басым да ойноду. Политикалык системанын алмашуусунан кийин салыштырмалуу тынч өттү: ТАР — бир да жолу мамлекеттик төңкөрүш болбогон Африка өлкөлөрүнүн бири. .

«Жаңы Түштүк-Африка Республикасын» көбүнчө «Күн желелүү өлкө» деп аташат, бул термин апартеид доорунан чыккан бөлүнүүлөрдү жайгарган жаңы, ар башка маданияттуу, көп улуттуу коомдун метафорасындай, архиепископ Десмонд Туту аркылуу ойлоп чыгылган (жана Нельсон Мандела аркылуу колдоого алынган).

Апартеид мезгилдеринде Түштүк-Африка Республикасында Африка улуттук конгрессинин мүчөлөрү, «Азания» сөзүн, аларга ошол кезде эп келбеген өлкөнүн расмий аталышынын альтернативасы катары мамлекетти атоо үчүн колдонушкан. «Азания» сөзү ТАР Тайвань менен дипломатиялык мамилелерди жүргүзүп турган кезде, расмий кытай дипломатиялык лексикасында Түштүк-Африка Республикасын атоо үчүн да колдонулган.

ТАР — ядролук курал иштеп чыгып жана кийин андан өз ыктыяры менен баш тарткан өлкө.

Географиясы

Түштүк-Африка Республикасы 
Түштүк-Африка Республикасынын физикалык географиясы
Түштүк-Африка Республикасы 
Түштүк-Африка Республикасынын картасы
    Негизги макалалар: Түштүк-Африка Республикасынын географиясы, Түштүк-Африка Республикасынын климаты

ТАР Африканын түштүгүндө жайгашат. Жээк сызыгынын узундугу 2 798 км түзөт. ТАР 1 219 912 км² аянтка ээ, аянты боюнча дүйнөдө 24-чү орунда (Малиден кийин) турат. Өлкөнүн эң бийик тумшугу — Ажыдаарлар тоолорундагы Нжесути тоосу.

Түштүк-Африка Республикасында кургак Намиб чөлүнөн, Мозамбиктин чыгыш чек арасы менен Инди океанынын жээктериндеги субтропиктерине чейин ар түрдүү климаттык зоналар көрсөтүлгөн.

Түштүк-Африка Республикасынын ички райондору — Карру деп таанылган, чоң, салыштырмалуу жалпак жана аз отурукташкан мейкиндик, Намиб чөлүнө жакын болгондуктан, кургап, катып бара жаткан жерлер. Тескерисинче, чыгыш жээги жакшы нымдалган жана тропикалык климатка жакын климатка ээ. Өлкөнүн четки түштүк-батышындагы климаты, Жер-Ортолук деңиз климатындай: жаанчыл кыш жана ысык, кургак жай. Ал жакта белгилүү биом финбос жайгашкан. Атап айтканда бул жерде негизинен түштүк-африка виносу чыгарылат. Ошондой эле бул аймак жыл бою тынбай үйлөгөн шамал менен белгилүү. Жакшы Үмүт тумшугундагы шамал ушунчалык күчтүү болот, ал деңизчилерге көптөгөн ыңгайсыздыктарды туудуруп, кемелерди талкалоого чейин алып келет. Андан ары чыгыш жагында жамгыр теңдеп жаайт, ошондуктан бул аймак өсүмдүктөрдүн өсүүсү менен камсыздалган. Ошондой эле ал «Бакчалар жолу» деп да белгилүү.

Эркин мамлекет району — бийик платонун борборунда жайгашкан, айрыкча жалпак жер. Вааль дарыясынан түндүгүрөөктө, Велд жакшыраак нымданат жана аябай ысык температураларга чалдыкпайт. Йоханнесбург, 1740 м бийиктикте Велддин борборунда болуп, жылына 760 мм жаан алат. Бул жерлерде кардын аз түшкөнүнө карабастан, кыш суук болот.

Тилдери жана расмий аталыштары

Түштүк-Африка Республикасында 11 мамлекеттик тил (тилдердин саны боюнча Индия жана Боливиядан кийинки үчүнчү өлкө), Түштүк-Африка Республикасында 11 расмий аталышы бар:

  • Republiek van Suid-Afrika (африкаанс)
  • Republic of South Africa (англисче)
  • IRiphabliki yeSewula Afrika (түштүк ндебеле)
  • IRiphabliki yaseMzantsi Afrika (коса)
  • IRiphabliki yaseNingizimu Afrika (зулу)
  • Rephaboliki ya Afrika-Borwa (түндүк сото)
  • Rephaboliki ya Afrika Borwa (сесото)
  • Rephaboliki ya Aforika Borwa (тсвана)
  • IRiphabhulikhi yeNingizimu Afrika (свази)
  • Riphabuḽiki ya Afurika Tshipembe (венда)
  • Riphabliki ra Afrika Dzonga (тсонга)

Бирок ошончолук чоң ассортиментке карабастан түштүк-африкалыктардын кээ бирлери өз өлкөсүн Азания деп атагылары келет: алар көбүнчө европалык, колониалдык мурастан алыстагысы келген кара расисттер.


ТАРдын азыркы аймагын алгач бушмендер (жыйноочулар), б. з. 1-миң жылдыгынын ортосунда көчмөн малчы уруулары – кой-койлор (готтентоттор) мекендеген. Кийинчерээк бантулар жер которуп келишип, жерг. калк м-н ассимиляциялашкан. 17-к-да голландиялык колониячылар (бурлар) басып кирип, жерг. калкты толук кырып, 1652-ж. Кап колониясын негиздешкен. Бул колония 1795-ж. англистерге, 1803-ж. голланддарга, 1806-ж. кайра англисттерге өткөн. Кап колониясын Англия басып алган соң, бурлар башка жерлерди колониялоого өтүп, Наталь колониясын, Трансвааль, Оранжевый респ-ларын негиздешкен. 1899-ж. англия бурларга согуш ачып (к. Англия-Бур согушу), натыйжада Бур респ-ларын бүт караткан. 1910-ж. 31-майда Кап, Наталь колониялары, Трансвааль, Оранжевый респ-лары Түш. Африка Союзуна (ТАС) биригип, Британ империясынын доминиону болуп калган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ТАСтын өкмөтү расалык дискриминация жүргүзгөн. 1948-ж. расачыл реакциячыл чөйрөгө мүдөөлөш Улуттук партия бийликке келип, алар апартеид саясатын жарыялаган. 1950-жылдары Африканын бир нече өлкөсү, дүйнөдөгү мамлекеттердин көбүнүн саясий, коомдук уюмдары ТАСга байкот жасап, көп өлкө дипл. мамилесин үзгөн. Буунун Генералдык Ассамблеясы ж-а Коопсуздук совети ТАРдын (1961-жылдан Түш. Африка Республикасы) расалык дискриминация саясатын бир нече жолу айыптаган. Натыйжада 1994-ж. ТАРдын конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, апартеид саясатын жоюу ж-дө расмий билдирген. Азыркы мезгилде ТАРдын жүргүзгөн саясаты социалдык ж-а саясий туруктуулукту сактоого багытталган. Коррупцияга ж-а кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бөлүнгөн. О. эле бардык өлкөлөр (а. и. Африка өлкөлөрү, АКШ, Улуу Британия ж-а Батыш Епропа ж. б.) м-н достук мамилени жакшыртууга ж-а чыңдоого аракеттенүүдө.

Калкы

    Негизги макала: Түштүк-Африка Республикасынын калкы

Калкынын саны боюнча Түштүк-Африка Республикасы 26-чы орунда турат — өлкөдө 49,9 млн адам жашайт (2010 жылдын июль айынын көсөткүчү).


Этно-расалык курамы (2010 жылдын каттоосу боюнча):

  • негрлер — 79,4 %
  • актар — 9,2 %
  • түстүүлөр (негизинен мулаттар) — 8,8 %
  • инди жана азиаттар — 2,6 %

15 жана андан жогору жаштагы калктын сабаттуулугу (2003 жылдын көрсөткүчү боюнча):

  • эркектер — 87 %
  • аялдар — 85,7 %

Дини

    Негизги макала: Түштүк-Африка Республикасынын дини

Демографиясы

Өлкөдө актардын саны, алардын Түндүк Америкага, Европага, Австралияга жана Жаңы Зеландияга эмиграциялоосунан, акырындан азайып жатат — 1985—2005 жылдары Түштүк-Африка Республикасынан 0,9 миллионго жакын актар көчүп кетишти, көбүнчө 40 жашка чейинкилер жана алардын балдары. ТАРдагы каралардын санын, башка Африка өлкөлөрүнөн келген кара эмигранттар өстүрүүдө.

Жашоо деңгээли

Түштүк-Африка Республикасы 
Кейптаун

Мамлекеттик түзүлүшү

Административдик бөлүнүүсү

    Негизги макала: Түштүк-Африка Республикасынын административдик бөлүнүүсү

Азыр ТАР унитардык өлкө болуп саналат. Өлкө аймагы 9 провинцияга (административдик борборго) бөлүнгөн:

Түштүк-Африка Республикасы 
ТАР провинциялары
Түштүк-Африка Республикасы 
ТАР провинциялары (1991)
  1. Батыш Кап провинциясы (Кейптаун)
  2. Түндүк Кап провинциясы (Кимберли)
  3. Чыгыш Кап провинциясы (Бишо)
  4. Квазулу-Натал (Питермарицбург)
  5. Эркин мамлекет (Блумфонтейн)
  6. Түндүк-Батыш провинциясы (Мафекинг)
  7. Гаутенг (Йоханнесбург)
  8. Мпумаланга (Нелспрёйт)
  9. Лимпопо (Полокване)

1994 жылга чейин ТАР федерация болгон жана 4 провинцияга бөлүнгөн: Кап провинциясы, Наталь, Кызгыл-Сары эркин мамлекет жана Трансвааль. Мындай бөлүнүүлөр Түшүк Африканын колония болгонун чагылдырат. Ошондой эле, 1951 жылдан 1994 жылга чейин ТАРда бантустан — автономиялар болгон. Бантустандардын сыртында кара калктардын укугу дээрлик чектелүү болгон. Алардын төртү «эгемендүүлүк» алышты (ушул себептен алардын жашоочуулары ТАР граждандыгынан айрылышкан), бирок, алардын көзкарандысыздыгын ТАРдан башка бир да өлкө тааныган жок:

  • Бопутатсвана (тсвана) — «эгемендүүлүгү» 1977 жылдын 6 декабрынан
  • Транскей (коса) — «эгемендүүлүгү» 1976 жылдын 26 октябрынан
  • Сискей (коса) — «эгемендүүлүгү» 1981 жылдын 4 декабрынан
  • Венда (венда) — «эгемендүүлүгү» 1979 жылдын 13 сентябрынан

Башка бантустандар ТАР юрисдикциясында болушкан:

  • Газанкулу (тсонга)
  • Кангване (свази)
  • Квандебеле (ндебеле)
  • Квазулу (зулусы)
  • Лебова (түндүк сото)
  • Кваква (түштүк сото)

Борбору

Түштүк-Африка Республикасы 
Претория университети

Өлкөнүн өкмөтү жайгашкандыгына байланыштуу, Претория расмий түрдө Түштүк-Африка Республикасынын «негизги» борбору болуп саналат.Калган эки бийлик бутагы башка эки шаарда жайгашкан: парламент — Кейптаунда, Жогорку сот — Блумфонтейнде. Ал эки шаар да борбор катары саналышат.

Кээде Преториянын аталышы, Тшване деп өзгөргөн дешет. Бул туура эмес: Тшване — провинциядан бир баскыч төмөн турган (сөз Гаутенг провинциясы тууралуу жүрүүдө) шаардык муниципалитеттин, административдик бирдиктин аталышы. Тшване муниципалитетинин курамына Претория, Центурион (мурдагы Фервурдбург), Сошангуве шаарлары жана бир нече майда областтар кирет.

Башкаруу формасы

    Негизги макала: Түштүк-Африка политикасы

ТАР — парламенттик республика. Президент өзүнүн дээрлик баардык чечимдеринде парламенттин колдосууна таянат. 30 жаштан жогору жаштагы ТАРнын граждандары президенттикке талапкерлигин коё алышат.

ТАР парламенти эки палатадан турат: Провинциялар улуттук кеңеши (жогорку палата — 90 мүчө) жана Улуттук ассамблея (400 мүчө).

Министрликтери

  • Түштүк-Африка Республикасынын базалык билим министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын ички иштер министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын жогорку билим жана окутуу министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын мамлекеттик мекемелер министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын искусство жана маданият министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын оңдоп-түзөө мекемелер министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын кооперативдик башкаруу жана традициялык иштер министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын илим жана технология министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын коргоо жана согуштук ветерандар министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын коомдук иштер министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын айлана-чөйрө министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын суу ресурстары боюнча суроолор министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын полиция министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын байланыш министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын айыл-чарба, балык-чарба жана балык кармоо министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын айылдык өнүгүү жана жер реформалар министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын соода жана өндүрүш министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын транспорт министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын туризм министрлиги
  • Түштүк-Африка Республикасынын юстиция жана конституциялык өнүгүү министрлиги

Укугу

Жазык укугу

Экономикасы жана улуттук чарбасы

    Негизги макала: Түштүк-Африка экономикасы

ТАР — Африка континентиндеги эң өнүккөн жана ошол эле учурда жалгыз Үчүнчү дүйнөгө кошулбаган өлкө.2009-чу жылга ИДП 505 млрд долл. түздү (дүйнөдө 26-чы орунда). ИДП өсүшү 5 % деңгээлде болгон, 2008 жылы — 3 %.Рыногу активдүү кеңейип жатканына карабастан, өлкө дагы деле дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кире элек.

Акча бирдиги: Түштүк-Африка рэнди 100 центке барабар. Монеталары 1, 2, 5, 10, 20, 50 цент, 1, 2, 5 ранд, банкноттору — 10, 20, 50, 100 жана 200 ранд.

Негизги импорт: нефть,азык-түлүк , химиялык товарлар; экспорт: алмаз, алтын, платина, машиналар, автомобилдер, жабдуулар. Импорт (91 млрд долл. 2008 жылы) экспорттон ашат (86 млрд долл. 2008 жылы).

Forbes журналынын бизнес баштоо ыңгайлуулугу боюнча өлкөлөр рейтингинде 39-чу орунда турат.

АКТ өлкөлөрүнүн эл аралык уюмуна кирет.

Жумушчу күчү

Түштүк Африканын 49 миллион калкынын 18 миллиону гана ишке жарактуу. Жумушсуздар — 23 % (2008 жылы).

Ишке жарактуулардын 65 % кызмат чөйрөсүндө, 26 % — өнөр-жайында, 9 % — айыл-чарбасында (2008 жылы) эмгектенишет.

Элдик чарба тармагы

Өндүрүп чыгаруу өнөр-жайы

Айыл-чарбасы

Вино жасоочулугу

    Негизги макала: Түштүк-Африка Республикасынын вино жасоочулугу

Мал-чарбасы

Түштүк-Африка Республикасы 

Балык кармоосу

Балык кармоо боюнча ТАР Африкада алдыңкы орунду ээлейт (жылына 1 млн тоннага жакын). Негизги объекттер — сардина, сельдь, хек, анчоус, деңиз окуну, скумбрия, треска, кап лососу, макрель, монкфиш. Ошондой эле, креветкалар, омарлар, лангусттар, осьминогдор, акулалар да өндүрүлөт.

Токой-чарбасы

Негизги зона — Квазулу-Наталь провинциясынын түштүк бөлүгү.

Жалпы экспорттун 35-40 % айыл-чарбасы түзөт, Түштүк-Африка ИДПнын 5 % түзөт.

Мамлекеттин экономикалык саясаты

Маданияты

Түштүк-Африка маданияты ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Эң биринчиден, эки маданияттын айкалышы: традициялык жана азыркы кездеги маданияты.

Салттык маданияты

Банту, бушмендер жана готтентоттор сыяктуу көптөгөн жергиликтүү калктар традициялык маданиятка өзүнүн салымдарын кошушту. Протея гүлү— ТАРнын улуттук символу.

Азыркы кездеги маданияты

Искусствосу

Түштүк-Африка Республикасы 
Ян Волсхенк, Риверсдейл тарапта Лангеберген тоолору кечинде (1927).

1930-чу жылдарда кара сүрөтчүлөр чыгып башташты. 1947 жылдан баштап Францияда жашаган Жерард Секото, жана Жорж Пемба кара шаардык искусство жанрынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналышат.

Спорту

1995 жылы ТАР регби боюнча дүйнө чемпиондугун кабыл алды.Финалдык оюнда Жаңы Зеландияны жеңди.
2010 жылы ТАР футбол боюнча дүйнө чемпиондугу 2010 өткөрдү.


Дагы караңыз

  • Түштүк-Африка Республикасы Категориясы табылган жок
  • Түштүк-Африка Республикасынын виза саясаты
  • Нельсон Мандела
  • Бота, Питер Виллем
  • Фервурд, Хендрик
  • Жоди Шектер
  • Нксумало, Генри

Шилтемелер

Tags:

Түштүк-Африка Республикасы ГеографиясыТүштүк-Африка Республикасы Тилдери жана расмий аталыштарыТүштүк-Африка Республикасы КалкыТүштүк-Африка Республикасы Мамлекеттик түзүлүшүТүштүк-Африка Республикасы УкугуТүштүк-Африка Республикасы Экономикасы жана улуттук чарбасыТүштүк-Африка Республикасы МаданиятыТүштүк-Африка Республикасы СпортуТүштүк-Африка Республикасы Дагы караңызТүштүк-Африка Республикасы ШилтемелерТүштүк-Африка РеспубликасыАнглис тилиАнклавБотсванаЗимбабвеЛесотоМозамбикНамибияСвазилендӨлкө

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ТабиятМанастын сунушу боюнча кыргыздардын өз жерине көчүп келгениЛандшафтТиричиликРоза ОтунбаеваЖоомарт БөкөнбаевДаникеев, ӨскөнИшмердүүлүкИранКорей Эл-Демократиялык РеспубликасыЖылдызКыргызстандагы коло дооруДеңиз деңгээлиКеплер мыйзамдарыКен байлыктарТеңир-ТооУй породаларыКөгүчкөнСын атоочКубатбек ЖусубалиевТабышмакБоз үйдүн ички жасалгасыБиринчи мугалимМаданий өсүмдүкКыргызстандын чек араларыТаранчыЖапонияБеларусьҮй-бүлөФутболАракечтикМыйзам (укук)Социалдык тармакИнфляцияЭкономика жана саясатЖоон үндүүлөрШатман СадыбакасовКутурмаСары-ЧелекКазакстандагы суу ташкыны (2024)Уулуу өсүмдүктөрКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыТарыхАтама сүйлөмОрганикалык химияМонологСкелетЭлектролизНатуралдык санМарсУлуу жибек жолуТоктоболот АбдумомуновҮндүү тыбыштарКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитети«Кыргыз» этнонимиТурусбеков ЖусупЭтиштин чактарыКислоталар жана негиздерЖыланӨпкөТишТүндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасыЭмоцияЖакшылыков АсанКасым ТыныстановЗат атоочТыныш белгилериПилОозул (стоматит)ДиалектКызматчы сөздөрНарын дарыясыТуберкулёзКүкүрт кислотасыАкча бирдигиЖарандык укукАжар (повесть)Сырдык сөз🡆 More