Нельсон Ролилахла Мандела 1918-жылы 18-июлда Умтатага жакын жерде жарык дүйнөгө келген.
Түштүк Африка Республикасынын сегизинчи жана тунгуч кара терилүү президенти. Анын президенттик ишмердүүлүгү 1994-жылдын 10-майынан 1999-жылдын 14-июнуна чейинки аралыка туура келет. Апартеид кезинде адам укуктары үчүн күрөшкөндөрдүн эң белгилүүсү. Саясий туткун катары 27 жыл 6 ай 6 күн абакта отуруп чыккан. 1993-жылы Нобель сыйлыгын алган. Нельсон Мандела ТАРда Мадиба деген ат менен да белгилүү.
Нельсон Мандела 1918 жылдын18 июлунда Умтатадан анча алыс эмес Мфезо айылында төрөлгөн. Анын үй-бүлөсүнүн теги Тембу династиясынын жетектегендердин урпактары болуп саналат. Анын бабаларынын бири (1832-жылы өлгөн) тембунун башкаруучусу болгон. Анын Мандела аттуу баласы Нельсондун чоң атасы болгон (фамилиясы ошондон келип чыккан).
Нельсондун атасы, Гадла Генри Мандела Мфезо айылынын башкаруучусу болгон. Анын атасынын 4 аялы болуп, алардан 13 баласы (4 уул, 9 кыз) болгон.. Мандела анын Нонгапи Носекени аттуу үчүнчү аялынан төрөлгөн жана апасын Холилала деп аташкан. Холилала Мандела үй-бүлөдөн мектепке баргандардын алгачкысы болгон.
Мандела 9 жашында атасы кургак учуктан көз жумган. Жашынан эле анча алыс эмес жерде жайгашкан бащталгыч мектептен билим алган. 16 жашында ал тембунун салты боюнча өткөрүлүүчү демилгелөө иш чарасына катышкан. Анын натыйжасында Кларкбери институт-интернатынан билим алып, 2 жылдын аралыгында башталгыч орто билим тууралуу сертификатка ээ болгон(англ. Junior Certificate). Он тогуз жашында бокска жана чуркоого кызыга баштаган.
Манделланын сөздөрү жана китептер:
Книги о Нельсоне Манделе:
Калып:Библиомаалымат
Калып:Нельсон Мандела
Калып:ТАР президенттери
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Нельсон Мандела, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.