Жөтөл

Жөтөл — дем алуу органдарынын (коко, кекиртек, бронх, өпкө) ооруларынын негизги белгиеи.

жөтөл дем алуу жолунун былжыр челин еезгенүү процессинин продуктулары (мисалы, какырык) же бөтөн нерсе дүүлүктүргөндө пайда болот. Кээде Жөтөл дем алуу жолу дүүлүкпөй эле сүйрү мээдеги жөтөл борбору козголуп, рефлекстик пайда болот. Мындай жөтөл корккондо, уялганда жана башка байкалат. Жөтөл кургак (какырыксыз) жана какырыктуу болуп бөлүнөт.

Жөтөл
Коклюш жөтөлү менен ооруп жаткан бала.
Жөтөл
Жөтөлгө катышуучу органдардын схемалык көрсөтүлүшү.

Жөтөлдө терең дем алып, бронх же бүт дем алуу булчуңдар чыңалат; үн жылчыгы жабылып, көөдөндүн ички басымы жогорулайт. Үн жылчыгы кайра ачыла баштаганда аба күч менен сыртка чыгат да, өзү менен кошо өпкөдөн какырык же бөтөн нерселерди ала чыгат. Бул дем алуу жолун тазалайт жана жагымдуу таасир этет. Бирок узакка созулган бат-бат жөтөл организмге зыяндуу. Кээде өтө узакка жана катуу жөтөлгөндө көкүрөк ооруп, дем кыстыгат, оорулуунун алы кетип, уйкусу качат, өпкөгө аба толот (Өпкө эмфиземасы). Фарингитте кулкун ачышып, кычышып, оорулууну кыйнаган кургак жөтөл болот. Коконун (ларингитте) же кекиртектин (трахеит) катарында күркүлдөп, тынбай жөтөлөт, үн байламталары сезгенгенде кырылдаган жөтөл көк жөтөлдө приступ сымал жөтөл болот. Жөтөлдө суткада бөлүнгөн какырыктын өлчөмү ар кандай болуп, кээде бир нече стаканга жетиши мүмкүн (мисалы, бронхоэктазда). Аны дарылоону врач гана жүргүзөт. Жөтөлдү жоготуу же жеңилдетүү үчүн негизги ооруну (бронхит, өпкөнүн сезгениши жана башка) дарылоо керек. Какырыктуу жөтөлдө какырык начар бөлүнсө какырык чыгаруучу заттар сунуш кылынат; көкүрөктүн жогору жагына горчичник коюу, ар кандай минерал суу (жарым стакан сүт, жарым стакан суу), бал (бир стакан сүткө 1 чай кашык бал) кошулган ысык сүт берүү, бутка ысык ванна, көкүрөккө компресс жасоо, оңко коюу кургак жөтөлдү жеңилдетет жана оорусун басаңдатат.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Дем алуу органдарыРефлексия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ПризмаАракечтикКайра курууСын атоочКазакстанТогуз коргоолКургак учукКасым ТыныстановМенингитАльберт ЭйнштейнКайра жаралууПланетаМоголстанЫсык-Көл облусуХимиялык булаларКлимат«Жаңыл Мырза»МамлекетКыргызстандын экологиялык көйгөйүЭлектр өткөргүчтүкМутацияМичурин Иван ВладимировичТүлөбердиев ЧолпонбайИррационалдык санМикроорганизмдерКыргызстандагы диний ишенимдериКыргыз автономиялуу облусуЭлектр чыңалуусуКыргызстанТайлак баатырЭс алууСоветтер Союзунун баатырларыКалыгул Бай уулуӨсүмдүкАйлана (математика)БразилияКаныкей образыБайдылда СарногоевЭлектр каршылыгыЦин империясынын баскынчыл аракетине каршы көтөрүлүштөргө Кыргыздардын катышыЖыл мезгилдериТиричиликтин пайда болушуБагыныңкы сүйлөмӨрт коопсуздугуКорей Эл-Демократиялык РеспубликасыДен соолукБишкек чебиИсхак РаззаковСөз байланышыКыргызстандагы жаныбарларСөз түркүмүАнглияМаданиятБелок структураларыОшКлетка теориясыЖер тобундагы планеталарАсан КайгыАнтропологияНарын облусуЖаңгакАвстралия (континент)Күрөң аюуКеңештер БирлигиАлександр МакедонскийОш коогалаңы (1990)Электр кыймылдаткыч күчүТукум куугучтукФантастикаБөйрөкТопуракНьютон биномуДабан мамлекетиЭл аралык Кызыл Крест КомитетиИшкердик🡆 More