Жүгөрү (лат.
Zea mays, L. 1753) — дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк; баалуу азыктүлүк жана тоют өсүмдүгү. Данынын түзүлүшү жана морфологиялык өзгөчөлүгү боюнча 9 ботаникалык топко бөлүнөт: кремнийлүү, тиш сымал, чала тиш сымал, крахмалдуу, крахмал-канттуу жана башка. Жүгөрү Борбордук жана Түштүк Америкадан таралган. Европага 15-кылымдын аягында алып келинген. Россияда 17-кылымдан эгилет. КМШ өлкөлөрүндө бардык жерде, айрыкча Украина, Молдавия, Кавказ, Орто Азияда (анын ичинен Кыргызстанда) өстүрүлөт. Жүгөрү бир үйлүү, айрым жыныстуу топ гүлдүү, түз сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 50-80 смден 5-6 мге чейин. Чачы тамыры жыш, жерге 100-150 см кирет. Сабагынын түбүнөн жоон, катуу таяныч тамыр өсүп, сабагын ийилүүдөн, сынуудан сактайт. Жалбырагы жазы, тасма сымал узун, учу ичке; кезектешип жайгашат. Аталык гүл чачык сабактын кылда учунда, энелиги сото байлайт. Мөмөсү дан. 1000 данынын салмагы 50-1100 г, көбүнчө 100-400 г. Данында 9-17% белок, 4-6% май (түйүлдүгүндө 40%), 65-70% углевод, А провитамини болот. Вегетация мезгили 90-150 күн. Жүгөрү жарык, жылуу жерде жакшы өсөт. Которуштуруп эгүүдө дан эгиндери, көп жылдык чөп, отолмо өсүмдүктөрдөн кийин айдалып, бир га жүгөрү аянтына 90-180 кг азот, 45-180 кг фосфор, 30180 кг калий жер семирткичи чачылат. Жүгөрүнүн данынан акшак, ун, крахмал, спирт, аралаш тоют, май алынат. Көк бакалынан силос, көк тоют; сабагы менен сотосунан кагаз, линолеум, вискоза жана башка даярдалат. Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору жана гибриддери: Краснодар 5ТВ, Чүй 466, Чүй 62ТВ, Чүй 47, Вир-42. Зыянкечтери: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү, жылдыз курт жана башка. Илдеттери: фузариоз, нигроспороз, сото нигроспорозу.
Жүгөрү | ||||||||||
Илимий классификация | ||||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
КАТАЧЫЛЫК МААЛЫМАТЫ Жок таксономдуу калыптар {{Zea }}, ар дайым таксонду Zea биологиялык классификацияда көрсөтөт. | ||||||||||
Эл аралык илимий аталышы | ||||||||||
Zea mays L., 1753 | ||||||||||
|
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жүгөрү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.