Жылкы

Жылкы, жунт (Жаныбеков Абдуллахад көт ат-Түрк) (лат.

Equus caballus) - жылкы сымалдар тукумундагы сыңар туяктуу жаныбарлар уруусу. Сымбаттуу, ири (дене узундугу. 2,5 м, ыйык жалынан бийиктиги 1,6 м) мал. Буту узун, тез жүрүүгө ыңгайлуу. Жүнү коюу, жалы, куйругу узун. Азуулары төрт чарчы жалпак келип, чөп чайноого ыңгайлуу. Жапайы жылкы мурда Европа, Азия жана Африкада кездешип, талаа, чөл жана жарым чөлдүү жерлерде үйүрү менен жашаган. Жылкынын 7 түрү, 4 уруучасы кадимки жылкы. (Пржевальский жылкысы, тарпан, бакма жылкы), эшек, кулан, зебра белгилүү. Тарпан тукум курут болгон. Бакма жылкы бардык континентте (Антрактидадан башка), дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бар. Алар күч унаа катары, эт, сүт жана башка алуу үчүн асыралып, ат спортунда пайдаланылат. Жылкыны колго үйрөтүү биздин заманга чейин 4-миң жылдыкта башталган. Жылкынын 200дөн ашык (КМШ өлкөлөрүндө 50) породасы бар. Алар тиби, сымбаты, чоң-кичинелиги, иштемчилдиги боюнча айырмаланып, бир нече топко бөлүнөт: мисалы, оор жүкчүл (владимир, арденна, брабансон), минги (будённый, терек, тракенен) жана башка. Азыркы жылкы породаларынын ыйык жалынан бийиктиги 50-185 см, салмагы 60-1500 кг. Угуу, көрүү, жыт алуу органдары жакшы өөрчүгөндүктөн, жылкыны үйрөтүү жана көнүктүрүү оңой. Жылкы жыныстык жактан кунанында жетилет да, быштысында үйүргө кошулат. Бээ 11 ай көтөрүп, жалкы кулун тууйт. Кулунун 5-6 ай эмизип, күнүгө 11-15 л сүт берет. Жылкы 25-30 жыл жашайт; этинде 18-20% белок, 6-8% май болот.

  • Жылкы породалары
Жылкы
Жылкы.

Колдонулган адабияттар

Tags:

БээЖылкы сымалдууларЛатын тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жакиев БексултанКаныкей образыБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмТолубай сынчыСарыбагышКылмышКыргызстандын шаарларыЖүлүн нервдериӨнөр жайЛексикаПневмонияАктКытайДем алуу системасыЖылкыСабакКалендарьТыбышАлгоритмСабира КүмүшалиеваКан тобуКыргыз философиясыБаяндооКыргыз диалектологиясыВолейболАнжиян көтөрүлүшүПланетаИнсанИталияТабигый ресурстарСоциалдык психологияУкукАналитикалык химияЭмчектеги балаСюжеттин элементтериКыргызстан алтын кендериБорбордук нерв системасыУзакбай АбдукаимовКой союп, устукан тартууЧубакКасымалы БаялиновМурунДемократияЖунгар хандыгыАйСоциалдык тармакКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүГерманияВизантия империясыКыргызстан көмүр кендериКелмеАвтоматташтырылган жумуш орунуЖаңыл МырзаМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?«Кыргыз» этнонимиКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиДифференциацияланган окутууТермелүү кыймылыКлиматты калыптандыруучу негизги факторлорКыргыз жазмасыҮй-бүлөКөкө уулу ЖеңижокЭлементтер мезгилдик системасыИнтерактивдүү окутууЧумаӨтмө мааниЖарык интерференциясыЗаманачы акындарЭмгек укугуКургак учукФотосинтезСолтоАбортМаданиятКөптүкКокон хандыгы🡆 More