Безгек

Безгек (Орто кылымда итал.

mala aria — «жаман аба», алдың «саз безеткиси») — безгек чиркейинин митеси — плазмодия пайда кылуучу жугуштуу оору.

Безгек
Электрондук микрографтагы плазмодия.

Оорунун берилиши

Ооруну плазмодиянын түрү чакырат. Плазмодиялар кан митеси болгондуктан оорулуунун канында жашайт. Анофелес чиркейи безгек болгон кишини чагып, канын соргондо аны менен кошо плазмодияларды сорот. Чиркейдин ичине кирген мителер өсүп, көбөйөт. Чиркей соо кишини чакканда козгогучтар шилекей менен адамдын организмине кирет. Кан агымы менен боорго келип (өөрчүүнүн биринчи цикли) андан кайрадан канга өтүп, эритроциттерге кирет (өөрчүүнүн экинчи цикли). Мында эритроциттерди көп бузат, натыйжада кызыл кандын көлөмү азайып, анемия пайда болот. Безгекти жалаң эле чиркей таратпастан, аны менен ооруп айыккан киши дагы жуктуруусу мүмкүн, себеби козгогучтар канда узакка чейин (20—40 жыл) сакталат. Кээде безгек менен ооруган же ооруп айыккан кишинин канын (донордон) башка адамга куйганда, ошондой эле жакшы стерилденбеген шприц аркылуу жугуусу да мүмкүн.

Туталактын узактыгы козгогучтун түрүнө жараша 6—36 саатка чейин созулат. Эгерде оорулууну убагында дарылабаса, оору бат-бат кармашы (12-15 жолу же андан да көп) мүмкүн. Оору козгогуч кишинин организминде 10—14 күн (кээде бир жылга же андан көп) оорунун белгисин пайда кылбайт (инкубация же жашыруун мезгил). Оору капысынан катуу башталат, башы ооруп, чыйрыгып, калтырап титирейт, температурасы 41—41,5°ка чейин көтөрүлүп, кайра тез төмөндөйт. Оорулуу алсызданат, колу-буту, бети ооруп сыздайт, кээде кусат. Туталак (приступ) өткөндөн кийин температура төмөндөйт, оорулуу ысып, тердей баштайт. Оору кармабаган учурда оорулуу кадимкидей туруп, басып, жеңил жумуштарга жарамдуу.

Безгек 
Чиркейге каршы алачык — безгеке каршы эффективдүү чара.

Безгек болгон кишинин жүзү кубарып, кер сары тартып турат. Оозунун тегерегине учук чыгуусу мүмкүн. Боор, көк боор чоңоюп, оору кармаган (приступ) учурунда катуу ооруйт. Оору 3—4 жума созулат.

Дарылоо

Дарылоону ооруканада врач жүргүзөт. Оорулуу тынчтыкты жана жакшылап багууну талап кылат. Дене ысып, чыйрыгуу убагында жылыткыч басып, жылуулап жаап, ысык чай, карагатты, ит мурунду кайнатып ичирүү талапка ылайык.

Безгеке каршы дары-дармек
Дары-дармек Англ. аталышы Профилактика Дарылоо Эскертүү
Артеметер-люмефантрин Artemether-lumefantrine - + коммерсиялык аталышы Коартем
Артезунат–амодиахин Artesunate-amodiaquine + -
Атовакуон–прогуанил Atovaquone-proguanil + + коммерсиялык аталышы Маларон
Хинин Quinine - +
Хлорохин Chloroquine + + организмдин ооруга каршы турагандан кийин Кабылдоого чектөө коюш керек
Котрифазид Cotrifazid + +
Доксициклин Doxycycline + +
Мефлохин Mefloquine + + коммерсиялык аталышы Лариам
Прогуанил Proguanil - +
Примахин Primaquine + -
Сульфадоксин-пириметамин Sulfadoxine-pyrimethamine + + коммерсиялык аталышы Фансидар

Адын алуу

Алдын алуу үчүн чиркейлердин көбөйүшүнө жол бербөө, оорулууну эрте таап дарылоо, чиркей бар жерде эшик, терезелерди даки же металл торлор менен тосуу керек.

Шилтемелер

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Безгек Оорунун берилишиБезгек ДарылооБезгек Адын алууБезгек ШилтемелерБезгек Колдонулган адабияттарБезгекОрто кылымдар

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КлиматКараханийлер кагандыгыКомплекстүү бирикмелерБайламтаКет БукаЗат жана энергия алмашууБайыркы Египет маданиятыАалы ТокомбаевМаалымат технологиясыЖерАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичЖер кыртышыАнжиян көтөрүлүшүИздөө системалары (компьютерде)Жаз мезгилиЖаныбарКоруктарХлорЗодиакАк кеме (чыгарма)Амир ТемирАйыл чарбаИчегиЭкосистемаЖүз сомКоомМукай ЭлебаевЖер титирөөЖыл сүрүү жадыбалыАбдыкадыр ОрозбековКан группаларыОрто АзияРельефтин жалпы мүнөздөрүСемантикаБразилияТуз (химия)Жаңыл МырзаПлазмаЖапонияОкутуу методуНерв тутумуИманалы АйдарбековКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүАмин кычкылдыктары (аминокислота)ӨзгөргүчтүкАкча системасыМанас эпосунун өзөктүк окуяларыАбдыраманов ШабданбайЖарым өткөргүчДан өсүмдүктөрүМухаммед кыргызКыз куумайКумурскаКитептин тарыхыТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүФизикалык чоңдуктардын бирдиктериЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыЭлектролизМаалымат сайтыКыргызстандын токойлоруТериЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүМиң сомЭэрчишүүДүйшөнкул ШопоковТоктоболот АбдумомуновМарсЭлектр чыңалуусу«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруКызылча (оору)КомузТаш-РабатАлп СолПараллаксЖашоо үчүн күрөш🡆 More