Австралия

Австралия (англ. Australia) расмий аталышы — Австралия Бирлиги (англ. Commonwealth of Australia) – Австралия материгиндеги мамлекет.

Материке жакын жайгашкан Тасмания аралы да Австралиянын курамына кирет. Түндүгүнөн Тимор, Арафура деңиздери жана Торрес кысыгыгы, чыгышынан Коралл жана Тасман деңиздери, түштүгүнөн Басс кысыгы жана Инди океанынын суулары чулгайт. Флиндерс, Кинг, Кенгуру жана башка майда аралдар, ошондой эле Ашмор жана Картье аралдары, Рождество, Кокос аралдары, Херд аралы жана Макдональд аралдары, Норфолк аралы да Австралияга карайт. Аянты – 7,688,287 км². Калкы – 25,890,773 адам (2023). Борбору – Канберра шаары. Мамлекеттик тили – англис тили. Акча бирдиги – Австралия доллары.

Австралия Бирлиги
англ. Commonwealth of Australia

Австралия Герб
Туу Герб
Гимн: «Advance Australia Fair
(Алга, кереметтүү Австралия)»
Австралия
Расмий тилдери
Борбор шаары Канберра
Ири шаарлар Сидней, Мельбурн, Брисбен, Перт, Аделаида, Голд-Кост, Канберра, Ньюкасл, Вуллонгонг
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Король
Генерал-губернатор
Премьер-министр
Чарльз III
Дэвид Харли
Энтони Албаниз
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
6-орун - дүйнөдө
7,688,287 км²
1,79
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

25,890,773 адам (53-орун)
3,5 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

1,719 трл $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

1,688 трл $
63,487 $
АДӨИ  0,946 (төмөн) (10-орун)
Акча бирдиги Австралия доллары
Домени .au
ISO коду AU
ЭОК коду AUS
Телефон коду +61
Убакыт аралыгы UTC +08:00-+11:00

Этимология

Австралия 
Порт-Жэксон, Terra Australis саякат чыгармасындагы сүрөт. Бул жерде Сидней шаары негизделген.

«Австралия» аталышы (англ. Australia) латын тилиндеги «түштүк» (лат. austrālis) деген сөздөн келип чыгат.

Австралиялыктар оозеки барлашууда Австралияны белгилөө үчүн Oz деген сөздү колдонушат, ал эми «австралиялык» деген маанини белгилөө үчүн Aussie сөзүн колдонушат.

«Түштүктөгү белгисиз жерлер» (лат. Terra Australis Incognita) уламышы — Рим империясына таандык жана континент жөнүндө эч кандай бир илимий далилдерге негизделбегенине карабастан, орто кылымдарда географияда кеңири таралган терминдердин бири болгон.

Англис тилиндеги бул сөздүн колдонулушу жөнүндө эң алгачкы документтештирилген маалыматтар «Халклайт устаты тарабынан жазылган Аустралиа-дель-Эспириту-Санту жөнүндө маалыматтар» (англ. A note of Australia del Espíritu Santo, written by Master Hakluyt) жана Самуэл Пурчас тарабынан жарыяланган Жаңы Гебрид аралдары жөнүндөгү Hakluytus Posthumus маалыматтарында Аустралиа-дель-Эспириту-Санту (исп. Australia del Espíritu Santo) испан термини «Australia» деген терминге чейин кыскартылып берилген.

«Australische» термини Батавиядагы (азыркы Жакарта) голландиялык чиновниктер тарабынан 1638-жылдан тартып ачылган бардык түштүктөгү жерлерге карата колдонулган.

Тарых

Австралия европалыктарга чейин (1606-жылга чейин)

Австралия 
30 000 жыл мурун тартылган Какаду улуттук паркындагы аборигендердин сүрөттөрү

Австралиянын жергиликтүү калкынын ата-бабалары Түштүк Азиядан 40-60 миң жыл (кээ бир булактарга ылайык 70 миң жыл) мурун эле келишкен. Адамдар Австралияга деңиз аркылуу Жаңы Гвинея жана Тасмания континенттин бир бөлүгү болуп турган мезгилде көчүп келишинин негизинен, аларды дүйнөдөгү эң алгачкы деңиз саякатчылары деп атап койсо да болот.

Континентте адамдар 42-48 миң жыл мурун отурукташтыра башташкан.

Адамдардын эң алгачкы сөөк калдыктары Жаңы Түштүк Уэльс штатынын түштүк-чыгышындагы соолуп калган Мунго көлүнөн табылган. Бул сөөк калдыктары жер бетинде табылган эң байыркы кремацияланган калдыктар болуп саналат жана австралиялык аборигендердин арасында диний ырым-жырымдардын ошол убакта эле бар экенин көрсөтүп турат.

Австралия аборигендеринин искусствосу дүйнөдөгү байыртадан бери уланып келе жаткан искусство багыты деп эсептелет, анын курагы 30 000 жыл деп бааланат жана бул сүрөттөрдү Австралиянын бардык аймактарынан кездештирүүгө болот.

Биздин заманга чейинки 10-12 миңинчи жылдардын аралыгында Тасмания материктен суу менен бөлүнгөн, ушул себептен айрым таш технологиялары Тасмания аборигендерине жетпей калган (мисалы, бумерангды колдонуу). Австралиянын байыркы мезгилинин тарыхындагы, континеттин түштүк-чыгышында жанар тоолор көп атылып турган. Австралиянын түштүк-чыгышында, азыркы Виктория штатында жайгашкан Кондах көлүндө азык-түлүктүн ири запастары бар жарым-жартылай туруктуу конуштар табылган. Кылымдар бою макасарлар австралиянын аборигендери менен, айрыкча Арнем-Ленданын түндүк-чыгышындагы отурукташкан йолнгу эли менен соода кылышкан.

Деңиз саякатчыларынын Австралияны ачышы (1606-1788)

Австралия 
Европалык деңиз саякатчыларынын Австралиядагы изилдөөсү (1812-жылга чейин)
     1606 — Виллем Янсзон      1606 — Луис Ваэс де Торрес      1616 — Дерк Хартог      1619 — Фредерик де Хаутман      1644 — Абель Тасман      1696 — Виллем де Вламинк      1699 — Уильям Дампир      1770 — Жеймс Кук      1797—1799 — Жордж Басс      1801—1803 — Мэтью Флиндерс

Айрым авторлор европалыктар Австралияга XVI кылымда барганын далилдөөгө аракет кылышкан. Кеннет Макинтайр жана башка тарыхчылар португалиялыктар Австралияны XVI кылымдын 20-жылдары жашыруун ачышкан деп ырасташкан. Дьептин карталарында «Жав-Ля-Гранд» (фр. Jave La Grande) деген жазуунун болушу алар тарабынан «португалиялык ачылыштын» далили катары кабыл алынган. Бирок Дьеп карталары ошол доордун географиялык жактан толук болгон эмес жана курамына чыныгы, болжолдолгон, уламыштарды дагы камтыган. XVII кылымга чейинки европалыктардын Австралияны ачышы жөнүдөгу теория башка өлкөлөрдө көп кызыгууну туудурганына карабай - алар жалпысынан талаштуу жана жетиштүү далилденбеген деп эсептелет.

1606-жылы «Дайфкен» кемеси менен Виллем Янсзон Австралиянын жээгине жеткен жана Австралиянын ачкан. Бул жерлерди Жаңы Голландия деп атап, Голландиянын ээлиги деп жарыялаган (бирок бул аймактар голландиялыктар тарабынан эч качан өздөштүрүлгөн эмес). Ошол эле жылы Педро Фернандес Кирос жетектеген испан экспедициясы Жаңы Гебриддерге жеткен жана ал аралдарды түштүк континент деп туура эмес эсептеп, «Ыйык Рухтун Түштүк Жери» (исп. Austrialis del Espiritu Santo) деп атаган. Ошол эле жылдын аягында Киростун орун басары Луис Ваэс де Торрес Торрес кысыгы аркылуу сүзүп өтүп, Австралиянын түндүк жээгин көргөн болушу мүмкүн дегенда маалыматтар кездешет.

1642-жылы голландиялык Абель Тасман саякат учурунда Ван-Димен Жерин (азыркы Тасмания) жана Жаңы Зеландияны ачып, Австралияны изилдөөгө олуттуу салым кошкон. 1644-жылы экинчи сапары учурунда Австралиянын чыгыш жээгинен Жаңы Гвинеянын түштүк жээгине чейин сүзүп өткөн. Ал Жаңы Гвинея менен Австралиянын ортосундагы Торрес кысыгын өткөрүп жиберип, Австралиянын жээгин бойлой батышты көздөй сүзүүнү уланткан жана Австралиянын батыш жээгин картага түшүргөн.

XVII кылымдын 50-жылдарына голландиялык деңиз саякатчыларынын, изилдөөчүлөрүнүн эмгектеринин аркасында Австралиянын контурлары карталарда жетишерлик так тартылган.

Голландиялыктардын батыш жээгиндеги изилдөөлөрүнөн тышкары, Австралиянын аймагы Жеймс Куктун биринчи сапарына чейин изилденбеген бойдон калган.

Австралия 
Жеймс Кук Индевор кемеси менен Австралиянын жээгин изилдеген. Бул кеменин көчүрмөсү 1988-жылы Австралиянын ачылышынын эки жүз жылдыгына карата курулган.

Алгач, Түштүк океанда же Terra Australis сүргүнгө айдалган, соттолгондор үчүн колония түзүү идеясын Жон Калландер сунуш кылган:

Австралия  Бул дүйнө бизге таптакыр жаңы нерселерди тартуулашы керек, анткени биз ал жөнүндө башка планетада жайгашкандай эле аз билимге ээбиз

This world must present us with many things entirely new, as hitherto we have had little more knowledge of it, than if it had lain in another planet

Австралия 

Лейтенант Жеймс Кук 1769-жылы Индевор (англ. HMS Endeavour) кемесин менен Чолпондун күндүн дискинен өтүшүн көрүү үчүн Таитиге сапарга барган. Кук ошондой эле Адмиралтействонун Түштүк континентин табуу боюнча жашыруун көрсөтмөлөрүн аткарган:

Австралия  Мурунку саякатчылардын жолунун түштүгүндө олуттуу көлөмдөгү континент же кургактык табылышы мүмкүн деп элестетүүнүн себеби бар.

There is reason to imagine that a continent, or land of great extent, may be found to the southward of the track of former navigators.

Австралия 

1770-жылы 19-апрелде Индевор (англ. HMS Endeavour) кемесин экипажы Австралиянын чыгыш жээгин көрүп, он күндөн кийин Ботани булуңуна келип токтогон. Чыгыш жээкти изилдеген Кук, кемедеги табият таануучу Жозеф Бэнкс менен бирге Ботани булуңунда колония түзүү үчүн жагымдуу шарттар жөнүндө билдирген.

Британиянын колонизациялоосу (1788-1901)

Жаңы Түштүк Уэльс континенттеги биринчи Британ колониясы. Артур Филипп 1788-жылы 26-январда Порт-Жэксонго Биринчи флотту алып келгенде түзүлгөн. Бул күн кийинчерээк улуттук майрам — Австралия күнү болуп белгиленип келет.

Ван-Димен Жерине (азыркы Тасмания) элдер 1803-жылы отурукташып, 1825-жылы өз алдынча колония макамына ээ болгон.

1828-жылы Австралиянын батыш бөлүгүн Улуу Британия расмий түрдө өз колониясы деп жарыялап, бардык континентке ээлик кыла баштаган.

Кийин Жаңы Түштүк Уэльстин бөлүктөрү өзүнчө колонияларды уюштурушкан:

Австралия 
Порт-Артур ( Тасмания) Австралияга алынып келинген соттолгондор үчүн эң чоң түрмө болгон.

Соттолгондорду же туткунга алынгандарды Түштүк Австралияга, Викторияга жана Батыш Австралияга алып келишкен эмес. Ушул себептен бул колониялар «эркин колониялар» деп аталышкан, бирок акыркы эки колония көп убакыт өтпөй эле соттолгондорду же туткунга алынгандарды өз аймагына алып келе башташкан.

Жаңы Түштүк Уэльстин тургундарынын соттолгондорду кабыл алууну каалабагандыгынын себебинен колонияга кылмышкерлерди алып келуу аяктаган. Соттолгондор менен акыркы кеме Жаңы Түштүк Уэльске 1848-жылы келген.

Соттолгондор менен акыркы кеме 1868-жылы 10-январында Австралиянын Батыш Австралия штатына келген.

Европалыктар отурукташуусуна чейин Австралиянын жергиликтүү калктын саны 750,000 ден 1,000,000 ге чейин болгон, европалыктардын отурукташуу башталгандан кийин 150 жыл ичинде жергиликтүү калктын саны жугуштуу оорулардан улам кескин азайган.

Федералдык өкмөт 1967-жылы референдумдан кийин жергиликтүү калкка карата мыйзам чыгаруу укугун алган. Жергиликтүү калктын жер укуктары 1992-жылга чейин таанылган эмес, Мабонун Квинслендге каршы сот отурумунда Жогорку сот европалыктардын отурукташуусуна чейин Австралиянын terra nullius («эч кимдин жери эмес») түшүнүгүн жокко чыгарган.

Австралия Бирлиги (1901-жылдан азыркыга убакытка чейин)

1901-жылы 1-январда австралиянын колониялары — Австралия Бирлиги (Австралия Шериктештиги деп да аталат) федерациясына биригүүгө макул болушкан. Бул кадамга баруу жана даярдану он жылга жакын сүйлөшүүлөрдү, кеңешүүлөрдү, ошондой эле колониялык Парламенттердеги отуруштарды өткөрүүнү талап кылган. 1907-жылы Британ империясынын доминион макамын алган.

Австралия 
Абел Тасман, 1644.

Физикалык жана географиялык мүнөздөмө

Географиялык абалы

Австралия 
Австралиянын космостон тартылган сүрөтү
Австралия 
Австралиянын топографиялык картасы. Кочкул жашыл эң төмөнкү, кочкул күрөң эң бийик жерлери

Австралия Бирлиги — Түштүк жарым шарда жайгашкан, аянты 7,692,024 км2 болгон мамлекет. Австралия жер бетинин болжол менен 5% ээлеген Орусия, Канада, Кытай, АКШ жана Бразилиядан кийинки дүйнөдөгү аянты боюнча алтынчы орунда турган мамлекет. Ошондой эле толугу менен түштүк жарым шарда жайгашкан аянты боюнча эң чоң мамлекет. Курамына кирген аймактар: аянты 7,659,861 км2 түзгөн Австралия материги (Тасмания аралы менен бирген) жана аянты 32,163 км2 түзгөн жээктен алыс эмес жайгашкан аралдар.

Австралиянын көзөмөлү астында бир нече тышкы аймактар да бар:

Бардык тышкы аймактарынын жалпы аянты 5 896 762 км² түзөт (Антарктикадагы Австралиянын аймагын кошпогондо — 762 км²).

Түндүк жана чыгыш жээктерин Тынч океанынын Арафура, Коралл, Тасман деңиздеринин жана Инди океанынын Тимор деңизинин суулары чулгап турат; батыш жана түштүк жээктерин Инди океанынын суулары чулгап турат.

Австралиянын жанында Жаңы Гвинея жана Тасмания ири аралдары жайгашкан. Австралиянын түндүк-чыгыш жээгин бойлой дүйнөдөгү эң чоң коралл рифи – Чоң Тоскоол рифи жайгашкан жана анын узундугу 2000 чакырымдан ашат.

Австралия батыштан чыгышка дээрлик 4000 чакырымга, түндүктөн түштүккө болжол менен 3860 чакырымга созулут жатат.

Материктин эң четки чекиттери:

  • Түндүк — Йорк тумшугу (10° түштүк кеңдик)
  • Түштүк — Саут-Ист-Кейп тумшугу (43° түштүк кеңдик)
  • Батыш — Стип-Пойнт тумшугу (114° чыгыш узундук)
  • Чыгыш — Байрон тумшугу (154° чыгыш узундук)

Австралиянын жээк тилкесинин узундугу 59 736 км (анын ичинен материктик бөлүгү — 35 877 км, аралдарыныкы — 23 859 км), ал эми өзгөчө экономикалык аймагынын аянты — 8 148 250 км².

Климат

Австралия 
Көппен классификациясы боюнча Австралиянын климаттык картасы. Алкак:      Экватордук     Тропиктик     Субтропиктик     Чөл     Жарым чөл     Мелүүн

Австралиянын климаты океан агымдарынын таасири астында түзүлөт, анын ичинде Инди океанынын диполу жана Эль-Ниньо агымы олуттуу таасир этет жана алар мезгил-мезгили менен кургакчылыкты жана Австралиянын түндүгүндө циклондордун пайда болушуна алып келген мезгилдүү тропикалык төмөн басымды жаратат. Бул факторлор жаан-чачындын жылдан жылга байкалаарлык өзгөрүүсүн шарттайт. Өлкөнүн түндүгүнүн көпчүлүк бөлүгү жайкысын көп жааган жаан-чачын менен тропикалык климаттуу.

Австралиянын дээрлик төрттөн үч бөлүгүн чөлдөр жана жарым чөлдөр ээлейт. Өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүндө жер ортолук деңиздик климат басымдуурак келет. Өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө (Тасманияны кошкондо) климат мелүүн келет.

Австралиянын кургакчыл келген аймактарына Батыш Австралия муздак агымы таасир этет жана циклондун пайда болуусун шарттайт.

Жаан-чачын өлчөмү

Австралиянын аймагынын дээрлик 40% жылына 250 ммден аз, аймагынын 70% 500 ммден аз жаан жаайт. Австралиянын эң кургак аймагы Түштүк Австралиянын Эйр көлүнүн айланасында жайгашкан. Бул аймакта жылына болгону 125 мм аз жаан жаайт.

Жаан-чачын көп жааган аймактарынын аянты аз. Кар эки жерде гана жаайт — 1350 м бийиктиктен жогору Австралия Альпысы тоолорунда жана 1050 м бийиктиктен жогору Тасмания тоолорунда.

Геология

Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн кең чөлдөр жана ойдуңдар ээлейт. Белгилүү чөлдөрү: Виктория чоң чөлү жана Чоң Кумдуу чөлү. Виктория чөлүнүн чыгышында жарым чөл аймагы болгон Чоң Артезиан бассейни орун алган.

Рельеф

Өлкөнүн аймагы жердин түштүк жарым шарындагы байыркы Гондвана материгинин бир бөлүгү болгон австралия платформасында жайгашкан. Материктин чыгышында герцин бүктөлгүчтүктөрүнөн катуу талкаланган — Суу бөлгүч тоо кыркасы (Косцюшко, 2228 м; Таунсенд, 2209 м) жайгашкан. Жаракалар жана дарыя өрөөндөрү тоолорду өзүнчө массивдерге бөлөт. Тоолордун чокулары куполдуу. Тоолордун чыгыш капталдары деңизди карай тик, жар сымал, ал эми батыш капталдары тегиз.

Австралия — мөңгүлөр жана активдүү жанар тоолор жок жалгыз материк, Австралиянын тышкы аймагы болгон, материктен алыс жайгашкан аралдарда эки жанар тоо жайгашкан. Австралиянын эң төмөнкү чекити — аянты 15 000 км² болгон Эйр көлү (-15 м).

Косцюшко тоосу Австралия континентинин эң бийик чекити, бирок Австралия мамлекетинин эң бийик чокучу болуп субантарктикалык Херд аралында жайгашкан Моусон жанар тоо чокусу саналат.

Жаратылыш байлыгы

Өлкөнүн негизги жаратылыш байлыгы — минералдык ресурстар. Австралиянын табигый жана ресурстук потенциалы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 20 эсе жогору.

Өлкө бокситтин кору боюнча дүйнөдө 3-орунда турат (дүйнөлүк кордун 1/16 бөлүгү жана өндүрүштүн 30%), цирконийдин (дүйнөлүк кордун 2/3) жана урандын (дүйнөлүк кордун 1/3) кору боюнча дүйнөдө 1-орунда. Австралия уран казып алуу боюнча 4-орунда (Казакстан, Намибия жана Канададан кийин), 2022-жылы 4553 тонна уран казылып алынган.

Өлкө көмүрдүн кору боюнча дүйнөдө 6-орунда турат. Марганецтин, алтындын, алмаздын олуттуу корлору бар. Өлкөнүн түштүгүндө (Браунлоу кени) жана түндүк-чыгыш жана түндүк-батыш жээктеринде материктик тайыздыктарында мунай жана жаратылыш газынын майда кендери бар.

Гидрология (Суу ресурстары)

Жапайы жаратылыш

Экологиялык кырдаал, жаратылышты коргоо ишмердүүлүгү

Мамлекеттик түзүлүшү

Австралия - Улуу Британия шериктештигинин курамына кирген федерациялык мамлекет. 6 штаттан, 2 аймактан (Түндүк жана Федерациялык Борбор) турат. Конституциясы 1900-ж. 9-июлда кабыл алынган, Башкаруу формасы конституциялык монархия. Мамлекеттик башчысы Британия монархы, өлкөнү анын өкүлү генерал-губернатор башкарат (аны Австралиянын премьер-министринин сунушу менен монарх 5 жылга дайындайт). Мыйзам чыгаруу бийлигинин Жогорку органы парламент, ал монархтан жана 2 палатадан Сенат жана Өкүлдөр палатасынан турат. Сенат (бардыгы 76 депутат; ар бир штаттан 12ден, 1974-жылдан ар бир аймактан 2ден депутат) пропорциялык өкүлдөр системасы боюнча 6 жылга шайланып, ар бир 3 жылда жарымы жаңыланып турат. Төмөнкү палата (148 депутат) мажоритардык система боюнча (альтернативдүү добуш берүү аркылуу) 3 жылга шайланат. Генерал-губернатор конституциялык органды Федерациялык аткаруу советин дайындайт. Айрым учурларда генерал-губернатор Өкүлдөр палатасын жана Сенатты таратууга укуктуу. Өкүлдөр палатасынын полномочиесинин бүтөөрүнө 6 ай калганда аларды тарата албайт. Ар бир штатка монарх тарабынан губернатор дайындалат. Бардык штат (Квинслендден башкасы) эки палаталуу (Мыйзам чыгаруу совети жана Мыйзам чыгаруу жыйыны же Жыйын палатасы) легислатурага ээ. Штат өкмөтүн премьер-министр жетектейт. Штаттар графтыкка, графтык муниципалитеттерге бөлүнөт. Союздук эки аймакты бир палаталуу легислатура жана өкмөт башкарат.

Административдик-аймактык түзүлүшү

Австралия алты штаттан, эки материктик жана башка майда тышкы аймактардан турат.

Аталышы Түрү Борбору Калкы,
адам. (2023)
Аянты,
км²
Картасы
1 Австралиянын борбордук аймагы аймак Канберра 454 499 2358 Австралия 
2 Виктория штат Мельбурн 6 503 491 227 444
3 Батыш Австралия штат Перт 2 660 026 2 527 013
4 Квинсленд штат Брисбен 5 156 138 1 729 742
5 Жаңы Түштүк Уэльс штат Сидней 8 072 163 801 150
6 Австралиянын түндүк аймагы аймак Дарвин 232 605 1 347 791
7 Тасмания штат Хобарт 557 571 68 401
8 Түштүк Австралия штат Аделаида 1 781 516 984 321
Жалпы саны 25 422 788 7 688 220

Калкы

Калкы негизинен (73%и) англис-австралиялыктар (2000), буларга жакын жана Улуу Британия менен Ирландиядан көчүп келгендер 7%ти түзөт. Ал эми антропологиялык курамы ар түрдүү. Жергиликтүү калкы — австралиялык аборигендер 2%. Алардын англиялык колониялоо мезгилинде (18-кылымдын аягы) массалык кыргындан калгандары өлкөнүн ички аймактарында гана жашайт. Калгандары ар кыл антропологиялык типтерге, көбүнчө европеоид расасына кирет. Австралия дүйнөдөгү калк эң сейрек отурукташкан өлкө. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 2,5 киши. Негизинен чыгыш жана түштүк-чыгыш жээктеринде отурукташкан. Христиандар (76%, 2005; анын ичинде протестанттар -46%, англичандар 21%, католиктер -26%), ислам, буддизм, иудаизм динин тутат. Калкынын жашынын узактыгы эркектериники 77,4, аялдарыныкы 82,6 жаш. Шаар калкы 85%. Ири шаарлары: Сидней, Мельбурн, Брисбен, Аделаида, Перт.

Тил

Дин

Экономикасы

Австралия жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 410,6 млрд доллар (2002, АКШ), киши башына бөлүштүргөндө 21,0 миң доллардан туура келет. ИДПнын 78%ин тейлөө чөйрөсү (финансы, соода, транспорт, байланыш, курулуш, саламаттыкты сактоо жана башка), 18,6%ин өнөр жай, 3,2%ин айыл чарба түзөт. Байланыш сектору тез темп менен өсүүдө. Экономикасы чет өлкөлүк (АКШ, Улуу Британия, Жапония) инвестицияга көз каранды. Эмгектин эларалык бөлүнүшүндө минералдык сырьёну жана айыл чарба азыктарын өндүрүү үлүшү тийген. Бул эки тармак экспорттун көп бөлүгүн түзөт. Ири корпорациялары: «Телстра» (телекоммуникация), «БроккенХилл пропрайетери компани» (энергетика), «Кока-Кола Аматил» (суусундук), «Рио-Тинто» (түстүү металлургия) жана башка. Ар түрдүү кендери көп. Негизги энергиялык отуну таш көмүр жана күрөң көмүр. Отун казып алуу боюнча индустриалык жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен 1-орунда. Нефть жана газ казып алуу өнүгүүдө. Нефть Квинсленд (Муни), Баррау аралында (Батыш Австралия штатында), Басс кысыгынын тайыз жерлеринде (Виктория штаты), газ Квинсленд, Түштүк Австралия, Батыш Австралия, Виктория штаттарында жана Түндүк аймагында өндүрүлөт. Темир, боксит, титандуу минералдар (ильменит, рутил), висмут кендерин казып алуу боюнча 1-орунда, коргошун казып алуу боюнча 2-орунда (АКШдан кийин) турат. Дүйнөдөгү уран рудасынын запасынын 24%и Австралияда. Олимпик-Дам жана Рейнджер кендери иштетилүүдө. Боксит, чопо, алюминий казып алуу боюнча дүйнөдө 5-, цинк боюнча 2-, никель боюнча 3 орунда (Орусия, Канададан кийин) туруп, никелден платина менен палладий алынат. Жер астынан казып алуу ыкмасы менен алтын, күмүш (6-орунда), асылташтар (опал, сапфир жана башка) казып алынат. Дүйнөдөгү казып алынган алмаздын (5-орунда) 30%и Австралияга туура келет. 2001-ж. 9,5 миң кВт электр энергиясы (негизинен жылуулук электр станциясынан, 85%) өндүрүлгөн. Кара жана түстүү металлургия (рафинацияланган цинк, жез, алюминий), нефть ажыратуу, химия (күкүрт кислотасын өндүрүү, суперфосфат, жасалма каучук, пластмасса), машина куруу (автомобиль жана локоматив, станок куруу, электротехника, радиоэлектроника), металл иштетүү, тамак-аш (эт, ун, сүт консервалары, май жана башка), полиграфия өнөр жайлары өнүккөн. Өлкө айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүү жана сыртка чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Ири жер ээлөөчүлүк өнүккөн. Өлкөнүн жер фондунун 59%и айыл чарбасында пайдаланылат. Аймагынын 5%и айдоо аянты, 5%и жайыт жана чабынды. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизги үлүшү мал чарбасына туура келет. Койдун саны (2002-ж. 106 млн) жана жүн кыркуу боюнча (дүйнөдөгү өндүрүлгөн жүндүн 30%и) дүйнөдө 1-орунда. Буудай, балкамыш, пахта, шалы, тамеки, жүгөрү, акжүгөрү (сорго), май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк жана жемиш өстүрүү өнүккөн. Балык (136 миң о, 2001), рак (55 миң о), моллюска (38 миң о) кармалат. Ички жүктөрү негизинен темир жол менен ташылат; ошондой эле автомобиль (28%), деңиз транспорттору да өнүккөн. Темир жолунун узундугу 41,3 миң км (анын ичинде 2,5 миң км электрлештирилген), автомобиль жолунуку 913 миң км (анын ичинен 353 миң км асфальтталган). Ири улуттук жана эл аралык аэропорттору (Конгсфорд-Смит) бар. Нефть куурунун узундугу 2,5 миң км, газ куурунуку 5,6 миң км. Австралияда 70ке жакын деңиз порту иштейт. Ирилери: Сидней, Порт-Хедленд, Фримантл, Мельбурн, Ньюкасл, Брисбен. Деңиз-соода флотунун тоннажы 2324 миң о детвейт (1764 рег бр.-о). Сыртка айыл чарба продуктыларын (жүн, буудай, эт, май, сыр), минералдык сырьёлорду (түстүү металл, таш көмүр, темир, боксит) чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Улуу Британия, Жапония, Кытай.

Маданияты

Австралияда билим берүү системасы 19-кылымда Британия модели боюнча калыптанган. Өлкөнүн азыркы билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди, 12 жылдык жалпы билим берүүчү мектептерди (милдеттүү 10 жылдык жана 2 жылдык толук орто мектепти), кесиптик жана ЖОЖду камтыйт. Аларга (мамлекет, жеке) штаттардын билим берүү министрлиги жетекчилик кылып көзөмөлдөйт. Учурда Австралияда 41 университет (анын ичинде 3 жеке), Австралия ИА, Гуманитариялык академия, Технологиялык илимдер жана инженерия академиясы, Түштүк Уэльстин тарых илимдеринин королдук коому, көптөгөн колледждер жана башка илимий мекемелер бар. Өлкөдө негизинен Мельбурндан чыгуучу «Острейлиан» («The Australian») жана «Сидней морнинг геральд» («The Sidney Morning Herald») гезиттери белгилүү. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу ишгерин «Острейлиан бродкастинг корпорейшен» («Australian Broadcasting Corporation») корпорациясы жана коммерциялык компаниялар тейлейт. «Жетинчи канал» (Channel 7), «Тогузунчу канал» (Channel 9) жана «Онунчу канал» (Channel 10) деген ири коммерциялык телестанциялары, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарын тейлеген коммерциялык радиостанциялар бар.

Майрам күндөрү

Адабияты

Австралиянын адабияты 19-кылымдан англис тилинде өнүгө баштаган. Колониялык доордо (19-кылымдын аягына чейин) Улуу Британиянын адабий салттарынын таасиринде болгон. Алгач ирет Б. Филддин ыр жыйнагы 1819-ж., эң ири алгачкы прозалык чыгарма Г. Сейверинин «Квинтус Сервинтон» романы 1830-31-ж. жарык көргөн. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында гана австралиялык жазуучулардын чыгармаларында улуттук өзгөчөлүктөр пайда боло баштаган. Мисалы: Г. Лоусондун ыр жана аңгемелер жыйнагы, С. Радда менен Прайс Уорунгдун новеллалары, Эндрю Бартон Патерсондун балладасы жана башка. 1917-29-ж. Г. X. Ричардсондун «Ричард Маэнинин тагдыры» аттуу алгачкы роман-эпопеясы жарык көргөн. Жазуучулар Катарина Сусанна Причард, Алан Маршалл, В. Палмер, Димфна Кьюсактын чыгармалары дүйнөгө белгилүү боло баштаган. 20-кылымдын акырында драматург Д. Уильямсон, жазуучулар К. Маккалоу, Р. Уолес Крэб, Д. Малуф, акын Л. Ларринин, аборигендердин арасынан чыккан акын-жазуучулардын, анын ичинде акындар К. Уокер, Л. Фогорти, драматургдар Ж. Дейвис, Р. Меррит, С. Морган жана башкалардын Австралиянын адабиятын байытууда ролу зор. Абориген-жазуучулар көркөм чыгармаларда өз элинин турмушун чагылдырууда классикалык реализмди гана өздөштүрбөстөн, ошондой эле магиялык реализмдин стилистикасын колдонуп, элдик мифологияны пайдаланууда. Учурда австралиялык абориген жазуучуларынын ичинен А. Уэллер («Алтын булуттардын өлкөсү» философиялык антиутопиялык чыгарманын автору) кеңири белгилүү. Австралиялыктардын көркөм өнөр башаты жергиликтүү австралиялык-аборигендердин үңкүрлөрдүн бетине, калкан, бумеранг жана башка магиялык мүнөздө тартылган сүрөттөрдөн башталат. 18-кылымдын аягынан европалыктардын келиши менен шаарлар көбөйүп, англиялык неоклассикалык, неоготикалык түрдөгү таштан курулган имараттар пайда болгон. Сүрөт искусствосунун башталышы 18-19-кылымдагы К. Мартенстин, С. Т. Гиллдин чыгармалары менен мүнөздөлөт. Кийин улуттук колорит менен коштолгон живопистик чыгармалар жарала баштаган (алардын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ч. Кондер, Т. Робертс, Ф. Маккаббин жана башка). 21-кылымдын башында Азиядан келген эммигранттардын таасири менен чыгыш маданиятына таандык белгилер байкалат.

Музыка

Австралиянын элдеринин музыкасы жергиликтүү калктын, англ-австралиялыктар, европалык жана азиялык келгиндердин салттуу музыкалык маданияты менен мүнөздөлөт. Аборигендердин маданиятында музыка ырым-жырымдардын бир бөлүгү катары болгон. Түндүк Ада аборигендердин музыкасы Жаңы Гвинеянын, 14-15-кылымдарда азиялык келгиндердин (Малайя архипелагы жана башка) таасири менен өнүксө, 18-кылымдын аяк ченинде европалык мүнөздөгү маданият калыптана баштаган. 1833-ж. Сидней филармониялык коому, кийинчерээк алгачкы музыкалык окуу жайлары, жеке опералык компаниялар, 1906-ж. симфониялык оркестр түзүлгөн. 1847-ж. Сиднейде биринчи жолу А. Натандын «Дон Джон Австрийский» аттуу операсы коюлган. 1935-ж. Композиторлор гильдиясы, 1951-ж. Сиднейде улуттук опералык компания түзүлгөн. Ошол учурда композиторлор: А. Хилл, П. Грейнджер, К. Дуглас, Н. Мил, Л. Сицки, аткаруучулардын ичинен ырчы Ж. Сазерленд кеңири белгилүү болгон. Учурда өлкөдө «Сидней-Опера-Хаус» музыкалык-театр комплекси (опера жана балет театры менен бирге), Мельбурндагы мамлекеттик театр (1985), Аделаидадагы мамлекеттик операсы (1974), музыкалык борбор, консерваториялар жана башкалар бар.

Театр

Театрда алгачкы оюн көрсөтүүлөр келгиндердин демилгеси менен 1780-ж. ченде эле башталган. 1830-40-ж. Сидней, Хобарт, Мельбурнда театрлар ачылган. Аларда өздүк көркөм чыгармачыл жамааттар эмгектенип, негизинен австралиялык авторлордун, ошондой эле еврей жана америкалык классикалык чыгармаларды театрлаштырышкан. 1954-ж. Елизавета мамлекеттик театр трести уюшулуп, ал негизинен профессионалдык театрды өнүктүрүүнү көздөгөн. Улуттук драматургиянын өнүгүшүнө Р. Лоулер, П. Уайт, Д. Уильямсон жана башка омоктуу салым кошкон. 1960-жылдан аборигендердин театры биртоп өнүгө баштаган, 1987-ж. 1-жолу абориген-драматургдардын улуттук конференциясы өткөрүлүп, анда аборигендердин улуттук театр фонду түзүлгөн.

Кино

Кино өндүрүшү Австралияда 1900-жылдан башталат. 1906-14-ж. 90го жакын кино тартылса, кийин ал кескин кыскарып, кинодогу бул кризис 1960-ж. чейин созулган. Мындай узакка созулган кризистин башкы себеби америкалык жанаа англиялык прокат компаниялары тарабынан дүйнөлүк кинорыногун басып алышы болгон. 1970-80-ж. мамлекеттин колдоо көрсөтүүсү жана Австралия кинематографисттик комиссиянын түзүлүшү менен киноискусствосунда бир топ ийгиликтер башталган. Ошол мезгилде Д. Кромбинин «Кадди» (1976), Ф. Шепизинин «Жимми Блэксмиттин ыры» (1977), П. Феймандын «Крокодил аталган Данди» (1986) жана башка көркөм фильмдер дүйнөгө белгилүү болгон. Америкалык компаниялар Голливудга Австралиянын көрүнүктүү кинематографисттерин (анын ичинде Б. Браун, М. Гибсон, Д. Дэвис, Н. Кидман, Э. Морс, Ж. Раш) ишке тартып, чакыртышкан. Австралиянын Жаңы Зеландия жана Франция менен биргелешип тартышкан «Пианино» (1993, реж. Ж. Кэмпион) фильми 3 ирет «Оскар» сыйлыгына татыктуу болуп, акыркы он жылдыктын киношедеври катары таанылган. Жыл сайын Австралияда 10-15ке жакын кино тартылып турат. Адистер негизинен Австралия кино жана телекөрсөтүү мектеби тарабынан даярдалат.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Дагы окуңуз

Булактар

Тышкы шилтемелер

Өкмөт

Расмий малыматтар

Туризм

Tags:

Австралия ЭтимологияАвстралия ТарыхАвстралия Физикалык жана географиялык мүнөздөмөАвстралия Мамлекеттик түзүлүшүАвстралия Административдик-аймактык түзүлүшүАвстралия КалкыАвстралия ЭкономикасыАвстралия МаданиятыАвстралия Колдонулган адабияттарАвстралия Дагы окуңузАвстралия БулактарАвстралия Тышкы шилтемелерАвстралия2023Австралия (континент)Австралия долларыАнглис тилиАрафура деңизиАшмор жана Картье аралдарыБасс кысыгыИнди океаныКанберраКенгуру (арал)Кокос аралдарыКоралл деңизиНорфолк аралыРождество аралыТасман деңизиТасманияТимор деңизиТоррес кысыгыФлиндерсХерд аралы жана Макдональд аралдары

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Соң-КөлТатаал сөздөрдүн жазылышыФизикалык географияБизнес-планНатуралдык санБурана (мунара)КүнТамеки чегүүЖалал-АбадМухаммед кыргызЖакыптын жана аялдарынын түш көрүшүТабышмакУнитардык мамлекетРефлекстерГепатит АЛандшафтАныктоочСөздүн маанисиЗаара бөлүп чыгаруу системасыКыргызстандагы таш дооруТөрөтКыргыз оюм чийимдериТоголок МолдоЖоопкерчилиги чектелген коомЖарык дисперсиясыОномастикаГендердик теңчиликБелокВасилий РадловКыргыз улуттук оюндарыДемократияТаш-РабатПублицистикаКыргыз балдар адабиятыСанжыраИхлас сүрөсүОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууМаркетингФерментХайду мамлекетиАвтоматташтырылган жумуш орунуЖүрүм-турумДекларация (жарнак)Материалдык активдерАлгоритмЦиститБакайЭнесай Кыргыз кагандыгыБаяндоочЖылкыКарым-катнашКөзКит сымалдарБилимМетонимияСабакАмерикаЖаныбарЖугуштуу ооруларМанкуртСан атоочГеометриялык оптикаИч катууЧакчылДарыяКан тобуЭкономикаКлеткаТермодинамикаСатираУйкашБасымМухаммед пайгамбарКыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктарыОкутуу ыкмаларыОрфоэпия (лингвистика)Адыгине (уруулук топ)Ак калпакАфрика🡆 More