Дүйшөбаев Талант Ибраимович (2.
6. 1968-ж. туулган, Фрунзе) – дүйнөгө таанымал спортчу, эмгек сиңирген спорт чебери. Борбордук Азия тарыхында кол топ (гандбол) боюнча Олимпия оюндарынын 1-чемпиону. Кол топ менен 1980-жылдан А. Л. Гагулинден машыга баштап, Бишкек шаарындагы өспүрүмдөрдүн атайын спорт мектебинде тарбияланган. ФПИде окуп жүргөндө СССР курама командасына кирген, 1989–92-ж. Москванын ЦСКА командасында ойноп, КМШ өлкөлөрүнүн кол топ боюнча курама командасынын капитаны болгон. Россиянын, Испаниянын жана Германиянын клубдарында ойногон. СССРдин, Европанын (Чемпиондор лигасы, 1994), Дүйнөнүн (Швеция, 1993), Олимпия оюндарынын (Барселона, 1992) чемпиону. 1993-жылдан Испанияда жашайт. Испания спорт институтун бүтүрүп, кол топ боюнча ошол өлкөнүн курама командасынын капитаны. Атланта Олимпиадасында (1996) Испаниянын курама командасын кол топ боюнча тарыхта биринчи жолу 3-орунга жеткирген. 1990-ж. Сиэтл шаарында (АКШ) болуп өткөн «Игры доброй воли», 1991-ж. Барселонадагы Олимпия алдындагы оюндардын жеңүүчүсү; Испания суперкубогунун (1992–94) ээси; 1992–94-ж. Испания чемпиону; 1995–97-ж. Испания кубогунун, клубдар арасындагы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү; 1996-ж. Европа биринчилигинин (Испания) күмүш, Олимпия оюндарынын коло, 1998-ж. Европа чемпионатынын (Италия) күмүш медалынын ээси. 1994–96-жылдары «Handbal World Magaяine» журналынын иликтөөсү боюнча дүйнөнүн, Исландия (1995) жана Японияда (1997) болуп өткөн дүйнө чемпионатында, Европа биринчилигинде (Испания; 1996) мыкты оюнчу катары таанылган. Медалдар менен сыйланган.
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Талант Дүйшөбаев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.