Газиантеп - Түркиянын Түштүк-чыгышындагы шаар.
Газиантеп илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 1,1 млн (2006). Евфрат дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Темиржол бекети. Эл-аралык аэропорту бар. Шаар биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктан белгилүү. Ассириянын, Рим империясынын, Византиянын, Араб халифатынын, Селжуктар өлкөсүнүн, 1516-жылдан Осмон империясынын курамында болгон. 1919-ж. англичандар басып алган. 1920-ж. француздарга өтүп, 1922-ж. Түркияга кайтарылып берилген. Византия чеби (6-к.), мечиттер (11-, 16-к.), университет (1987), музейлер (археологиялык, этнографиялык, Зеугма мозаикалары)бар. Газиантеп чарбалуу аймактын (мисте, дан өсүмдүктөрү, тамеки, гозо, жүзүм өстүрүү) борбору. Мал чарбасы өнүккөн. Металлургия, текстиль, булгаары-буткийим, тамак-аш, жыгаччылык, самын кайнатуучу, цемент, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык колөнөрчүлүгү (жез, бермет, алтын менен күмүштөн буюмдар, салттуу бут кийим, жүк жабуу) өнүккөн. Газиантепден 60 кмТүндүк-чыгышта тоонун бетине ассириялык падыша Салмансар IIIнүн таштын бетине түшүрүлгөн элеси, 50 км батышта Сакча-Гөзү археологиялык зонасы (неолит доорунун дубалдары менен мунараларынын калдыктары) сакталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Газиантеп, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.