Славян тилдери - көбүнчө Европа менен Азиянын аймагында жашаган славяндардын тили.
Үч топко бөлүнөт: чыгыш славян (орус, украин, белорус тилдери), түштүк славян (болгар, серб-хорват, македон, словен тилдери), батыш славян (поляк, чех, словак, лужиц, кашуб тилдери). Славян тилдери индоевропа тил уясына кирет.
Алардын индиевропа тилдери менен жакындыгы сөздүк составдан, морфемалардан, сүйлөм курулушунан даана байкалат. Кээ бир доорлордо славян тилдери иран, герман тилдери менен, кыйла даражада финн-угор жана түрк тилдери менен байланышта өнүккөн. Инди-европа тил биримдиги жоюлган соң славяндар уруулук бир тилде сүйлөгөн өзүнчө этностук бирдик катары жашаган.
Славяндардын бул мезгилдеги тили илимде жалпы славян же праславян тили деген наам менен белгилүү. Жалпы славян тилинин тарыхы кээ бир славян тилдеринин тарыхына салыштырганда кыйла эле узак болгон: миңдеген жылдар бою, б. а. уруулук коом мезгилинде жалпы славян тили славяндардын бирдиктүү тили болгон, ал эми анын диалектилик өзгөчөлүктөрү кийинки миң жылдыкта (б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы - б. з. 1-миң жылдыгынын башы) гана пайда боло баштаган.
Уруучулук түзүлүш кыйрап, феодалдык мамилелердин өөрчүпгү өз-өзүнчө өнүккөн славян тилдери калыптанышына алып келген. Славян тилдерин адеп адабий жактан иштеп чыгуу маселеси 19-кылымдын орто ченинде ишке ашкан. Славян тилдеринин жазуусу 863-жылы түзүлгөн (к. Глаголица, Кириллица).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Славян тилдери, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.