Подгорица

Подгорица (1946–92-жылдары Титоград) – Черногория Республикасынын борбору.

Подгорица муниципалитетинин административдик борбору. Климаты жер ортолук деңиздик. Жылдыкорточо температурасы 16,4°С. Жылдык жаан-чачынынын саны 1544 мм. Калкы 147,0 миң (2010). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Подгорица
Подгорица.

Байыркы Рим Бирзиминиум тургун жайы катары негизделген. Кийинчерээк Рибница аталып, славяндардын тургун жайы болгон. Подгорица деп 1326-жылдан эскерилет. 15-кылымдын аягынан Осмон империясынын курамында. Берлин конгрессинин чечими менен 1878-ж. Черногорияга кайтарылган. 1918-жылдан Сербдер, ховаттар, словендер королдугунун 1929–2006-жылдары Югославиянын 2006-жылдан Черногориянын курамында. Өлкөнүн ишкер жана өнөр-жай борбору. Алюминий комбинаты (өлкөдөгү эң ири), металл иштетүү, эмерек, текстиль, тамак-аш өнөр-жай ишканалары жана 2 биржа иштейт. Шаарда чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрү, банк секторлору жайгашкан. Ири соода борборлору (2009, 2010) ачылып, заманбап кварталдар жана коомдук имараттар курулууда. Университет, Черногория Илимдер Академиясы, калк китепканасы, театр, музейлер (анын ичинде археологиялык, этнографиялык), галерея, маданий-маалымат борбору бар. Түрк чептеринин калдыктары (15-кылым), 17–19-кылымдарга таандык үйлөр сакталган. Эл аралык театр фестивалдары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Роза гүлдүүлөрОрусияКалька лексикологиядаКыргыздын улуттук кийимдериКыргызстандын географиясыИнфляцияРычагСөз түркүмүУлуттук паркБекмурат уулу БоромбайКыргызстандын шаарларыКөмүртекДүйнөгө болгон көз карашКометаКыргыз автономиялуу облусуМагнийКараханийлер мамлекетиФантастикаУкраинаАпрель революциясыРельефтин жалпы мүнөздөрүДинамика (механикада)ЭкстремизмТүлкүлөрСөздүн маанисиПолот ханКош сөздөрЭлектр энергетика системасыСары-Челек биочөйрөлүк коругуСууБугу жана сарыбагыш урууларынын чабышыСиреньАлыкул ОсмоновКычкылтекПунктуацияКислотаЖакшылыков АсанРадиоактивдүүлүкШүкүрбеков РайканМеталл коррозиясыБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмФранциядагы революция (1848)Кудайлар тууралуу мифтерАтоочтук сүйлөмХимиялык булаларЖай мезгилиГеографияАмерикаАдам укуктарыКеректөөнүн улам өсүү мыйзамыКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыКыргыз улуттук опера жана балет театрыӨзгөрмө токКыргыз элчиликтериЖусуп МамайЭмгек рыногуӨзбекстанСууга чөгүүСооронбай ЖусуевЦин империясынын баскынчыл аракетине каршы көтөрүлүштөргө Кыргыздардын катышыВиртуалдуу аныктыкИосиф СталинЖарандык коргонууАнглия-Кытай согушуКыргызстандагы шамал режимиКант диабетиТукум куугучтукОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууЫсык-Көл облусуТиричиликтин пайда болушуАйлана-чөйрөнү коргооДинозаврКеп маданияты«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»Ибраев, ЭсенгулБиосферадагы глобалдык көйгөйлөрМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?🡆 More