Лиссабон, Лисабон (порт.
Пиреней жарым аралынын түштүк-батыш жээгинде Тежу дарыясынын чатында, Атлантика океанынан 15 км аралыкта жайгашкан. Лиссабон округунун административдик борбору.
Лиссабон | |||
порт. Lisboa | |||
| |||
Өлкө | |||
---|---|---|---|
Ички бөлүнүшү | 53 аймакка (freguesias) бөлүнөт | ||
мэр | Антониу Кошта | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Мурунку аталышы | |||
Аянты | 83,84 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | 545 245 (2010) | ||
Жыштыгы | 6503,41 адам/км2 | ||
Агломерациясы | Чоң Лиссабон | ||
Этнохроним | Lisboeta, Lisbonense, | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +0 | ||
Телефон коду | +351 21 | ||
Почта индекси | 1000-1900 | ||
http://www.cm-lisboa.pt/ |
Калкы 473,6 миң (2010; Чоң Лиссабон агломерациясында 2,6 млн). Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Өлкөдөгү ири порт (жылына 15 млн т. жүк ташылат). Финикиялыктар тарабынан болжол менен биздин заманга чейин 2-кылымда негизделген. 1147-ж. арабдардан португалиялыктар тартып алып, Португалия королдугунун курамына кирген. 1255- жылдан Португалиянын борбору. Кеме куруу, электр-техникалык, химия, нефть ажыратуу, металлургия, текстиль, тамак-аш (анын ичинде зайтун майы, балык консервалары) жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Роман стилиндеги собор (12-к., 18-кылымда кайрадан курулган), готика стилиндеги кармелиттердин монастыры (14–15-к.), 17–18-кылымдын ак сарайлары, Ла Эштрела базиликасы сакталган. ИА, университеттер, музейлер (анын ичинде археологиялык, этнографиялык, диний, көөнө жана заманбап искусство), театр, планетарий бар. Ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган. Эл аралык туризмдин ири борбору. Жыл сайын заманбап (1977) жана көөнө (1980) музыка фестивалдары өткөрүлүп турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лиссабон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.