Клавиатура (лат.
davis — ачкыч) — 1) музыкалык аспаптарда өзгөчө жасалган рычагдардын комплекти бар клавишалардын бир катарда жайгашуусу. музыкалык аспаптын клавиатурасын басуу менен белгилүү бийиктиктеги үн алынат. Органда бир эле убакта ар кайсы тембрде ойноо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо жана так динамикалык контрасттарга жетишүү үчүн террасса сыяктуу биринин үстүнө бири жайгашкан 2—3, чоң органдарда 7 клавиатура (мануалдар) колдонулат. Органда бут үчүн клавиатура — педаль бар. Баян, гармондор үчүн топчу жана кадимки фортепьяно түрүндөгү өзгөчө клавиатура ойлоп табылган; 2) кээ бир механизмдердеги (компьютер, эсептөө машиналары) клавишалар жыйындысы.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Клавиатура, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.