Испан тили – Испандардын жана Латын Америкасындагы көпчүлүк элдердин тили.
Испания Королдугунун (анын ичинде Түндүк Африкадагы Сеута жана Мелилья анклавдарынын), Түштүк Америкада Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама, Сальвадордун расмий, Аргентина, Венесуэла, Колумбия, Парагвай, Перу, Боливия, Уругвай, Чили, Эквадордун тең расмий тили (жергиликтүү тилдер менен катар). БУУнун расмий жана жумушчу тилдеринин бири.
Испан тили роман тил тобуна кирет. Испания аймагы эки негизги диалектилик ареалга бөлүнөт: Түндүк (кастилия, арагон-каварра ж. б. диалектилер) жана түштүк (андалус, канар ж. б. диалектилер). Испан адабий тили кастилия диалектисинин негизинде түзүлгөн. Грамматикалык түзүлүшү боюнча жөнөкөйүрөөк: зат жана сын атоочтор жөндөлбөйт, сөз ирети француз тилине караганда эркин келет. Башка роман тилдериндегидей эле испан тилинде этиштин формалары да бар. Испан графикасы латын алфавитинин негизинде. Жазуусунда тыбыштык принцип алынган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Испан тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.