Телефон

Телефон (теле...

алыс жана грекче phoneүн = алысүн) – 1) во первых телефон это жизнньь во вторых, это любовьььэлектр термелүүсүн үн термелүүсүнө (сүйлөө речине) өзгөртүүчү электр-акустикалык прибор. Өзгөртүү принциби боюнча Телефон электр-магниттик, электрдинамикалык жана пьезоэлектрдик болуп айырмаланат. Мобилдүү Телефондорго: уюлдук Телефон – уюлдук байланыш тармактарында иштөөчү Телефон, ал – татаал жогорку технологиялык электрондук түзүлүш, радио кабыл алып-бергич, башкаруунун адистештирилген көзөмөлдөгүчү, түстүү монохромдук дисплей, интерфейстик түзүлүш жана аккумулятордон турат. Анын төмөнкүдөй түрлөрү да бар, камерофон – фотоаппараттын жана видеокамеранын милдетин дагы аткаруучу мобилдүү Телефон, мультимедиалык Телефон (плеерфон, мьюзикфон, музыкалык телефон) – аудио видеофайлдарды ж. б. кайра жаратуунун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү бар адистештирилген мобилдүү Телефон Смартфон – толук операциялык сиетемалуу мобилдүү Телефон (Symbian OS, Windows Mobile, Palm OS ж. 6). Мындай Телефонго жаңы программалар орнотулат: IM- кардарлар, кеңсе пакеттери, органайзерлер, аудио, видеоойноткучтар, коңгуроону башкаруу программалары, браузерлер ж. б. Коммуникатор – мобилдүү Телефондун милдетин да аткаруучу жеке чөнтөк компьютер. Бизнес-Телефон – корпоративдик пайдалануучулар үчүн адистештирилген Телефон, мында тексттүү документти жана электрондук таблицаны кароо, электрондук почта менен иштөө, органайзердин маалыматын корпоративдик сервер менен синхрондоштуруу ж. б. иштерди аткарууга мүмкүндүк берет. Зобололуу Телефон – сырткы түрүнүн кооздугу жана аткарган милдеттери көзгө тез чалдыккандыгы менен өзгөчө. Ошондой эле спутниктик Телефон, конференция Телефону, видеотелефон, IP-Tелефон ж. б. түрлөрү бар. Телефондун бардыгы электр-акустикалык мүнөздөмөлөрүнүн туруктуулугу, нымдан ишенимдүү корголгон жана бузулганда алмашуунун женилдиги камсыз кылынган; 2) Телефон аппаратынын күндөлүк турмушта аталышы; 3) сүйлөшүүлөрдө Телефон аппараттын (абоненттик орнотмосунун) номери; 4) Телефон байланышынын жалпы кыскача аталышы.

1860-жылы табиятсыноочу Антонио Меуччи Нью-Йорктогу италия гезитенде электр зымдары аркылуу үндү берүүчү түзүлүшү жөнүндө макала жарыялаган. Өзүнүн аппаратын Меуччи Teletrofono атаган. 1871-жылы ага патент алууга аракет кылат, бирок каражаттын жоктугунан ою ишке ашпай калат.

Телефон шкафтары

Стенддер функционалдык өзгөчөлүктөрү, даярдоо материалы, дизайны, жайгаштыруу жана бекитүү түрү боюнча айырмаланат. Интернетте бул түзмөктү өз колуңуз менен жыгачтан, металлдан жана ал тургай эски кредиттик карталардан жасоонун ондогон жолдорун таба аласыз.

Кошумча маалыматтар

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Минералдык заттарСүрөТерроризмБиоценозҮнсүз тыбыштарБек БорбиевИскусствоКыргыз Республикасынын Ички Иштер МинистрлигиУйгур кагандыгыРуслан АкунТоктогул СатылгановРадиациялык кырсыкЭтек кир (айыз, менструация)ТүркияКыргызстан тарыхыБиринчи жардамСынчыл ой жүгүртүүЖамийла (повесть)Электр тогуКаракуш мээКөгүчкөнГистологияБаяндоочКараханийлер мамлекетиСолтоноев Белек Солтонкелди уулуЭмгек ырларыӨзгөн районуТишАдигине-ТагайКислотаЦивилизацияЖөтөлгө каршы дарыларЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКүндүн убакты-саатка бөлүнүшүОрганизмАлп СолФразеологизмдерТамак сиңирүү системасыКитепУйку безиФразеологизмМөлмөлүмПрокси серверМурундан кан агууКулпунайБалдардын курак мезгилдериКытай (уруу)Казакстандагы суу ташкыны (2024)Роза гүлдүүлөрБиосфераАбдылас МалдыбаевЭл аралык укукЧабалекейлерGoogleКутурмаЖоомарт БөкөнбаевПрозаЖакиев БексултанКөйгөйлүү окутууТилАнглис тилиКыздыкЭмгекти коргооМоральАвстралияЖугуштуу ооруларМамлекеттердин тизмесиКозу карындарКыргыз урууларыРиторика.Риторика илими.Кыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаФольклорИчеги🡆 More